Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Футбол боюнча Испания курама командасы ФИФАнын рейтингинде биринчи орунду ээледи. Рейтингдин жаңыланган версиясы уюмдун сайтында жарыяланды.
Дүйнөнүн учурдагы чемпиону Аргентина биринчи орундан үчүнчү орунга түштү. Франция үчүнчүдөн экинчиге көтөрүлдү.
Төртүнчү орунда Англия, бешинчи сапка Португалия жайгашты.
Россиянын курама командасы эки тепкичке көтөрүлүп, азыр 33-орунда.
Сентябрь айында россиялыктар эки беттеш өткөрүп, Иордания менен 0:0 эсебинде тең чыгып, Катарды 4:1 эсебинде жеңген.