ФИФА өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн спорт тармагына $1 млрд бөлөт

Дүйнө Загрузка... 26 Ноябрь 2025 09:45
WhatsApp Image 2025-11-26 at 07.50.59.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.25 /Кабар/. Сауд Аравиясынын Өнүктүрүү фонду жана ФИФА өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө спорттук стадиондорду жана тиешелүү инфраструктураны куруу жана оңдоо максатында 1 млрд АКШ долларына чейин жеңилдетилген насыя берүү тууралуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул өнөктөштүк улуттук өкмөттөргө эл аралык стандарттарга жооп берген, көп функциялуу спорттук имараттарды долбоорлоо, каржылоо жана курууда жардам берүүнү көздөйт. Мындай имараттар коомдук жашоонун, билим берүүнүн жана социалдык интеграциянын борбору катары кызмат кылат.

Жаңы спорттук объекттер жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө болуп, жаштар үчүн машыгуу, жолугушуу жана мелдештерди өткөрүү үчүн коопсуз, заманбап шарттарды түзмөкчү. Ошону менен бирге, бул демилге коомдогу социалдык биримдикти да бекемдөөгө көмөк көрсөтөт.

"Спорт – бул жөн гана атаандаштык эмес, ал өнүгүүнүн жана интеграциянын кыймылдаткычы", – деп белгилеген Сауд Аравиясынын Өнүктүрүү фондунун (SFD) башкы директору Султан бин Абдулрахман Аль-Маршад.

Анын айтымында, жеңилдетилген каржылоону берүү аркылуу өлкөлөр жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткен, коомчулукту чыңдаган жана келечек муундарга багытталган маанилүү спорттук инфраструктураны курууга мүмкүнчүлүк алышат.

ФИФА менен түзүлгөн өнөктөштүк алкагында тараптар өлкөлөргө узак мөөнөттүү экономикалык туруктуулукту камсыздоо, жергиликтүү потенциалды өнүктүрүү жана заманбап стадиондорду куруу үчүн өкмөттөр менен тыгыз кызматташууну көздөшүүдө.

“ФИФАнын негизги максаты – дүйнө жүзү боюнча футболду өнүктүрүү. Биздин көптөгөн улуттук ассоциациялар мелдештерди өткөрүүгө зарыл болгон инфраструктурага муктаж. Бул меморандум алардын ошол колдоого жетүүсүнө жардам берет. 1 млрд долларлык бул демилге футболду чындап глобалдык деңгээлге чыгаруудагы маанилүү кадам болуп саналат", – деп белгилеген ФИФА президенти Жанни Инфантино.