Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Дыйкандар ыкчам маалымат алуу үчүн Фермерлерди тейлөө борборунун Telegram тобу ачылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Фермерлерди тейлөө борборлорунун ишин жеңилдетүү жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү максатында айыл чарба тармагы боюнча эксперттик кеңешке муктаж бардык кызыкдар жарандар жана фермерлер https://t.me/+MlJtdv8Pag8zZTIy шилтемеси аркылуу тез арада керектүү маалыматты ала турган Telegram тобу ачылды.
Белгилей кетсек, Фермерлерди тейлөө борборлору 2024-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын бардык аймактарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен ачылган.