Дыйкандарга 7 млн 900 миң сомго жеңилдетилген насыя берилди

Экономика Загрузка... 07 Март 2025 10:37
269dd74b-de12-4efb-9fd1-670799c81119 (1).jpg
copyright icon www

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Дыйкандарга 7 млн 900 миң сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

«Айылчарбасын каржылоо -13» долбоорунун негизинде ушул күнгө карата дыйкандарга 7 млн 900 миң сомго насыя берилген. Алар:

  1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 700 миң сомго 1 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:

–“Элдик Банк” ААК - 700 миң сомго 1 насыя.

  1. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 7 млн 200 миңсомго 11 насыя берилди, анын иченен банктар боюнча алганда:

–“Айыл Банк” ААК - 5 млн 700 миң сомго 9 насыя;

–“Элдик Банк” ААК - 1 млн 500 миң сомго 2 насыя;

  1. Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 7 млн

900миң сомго -12 насыя берилди:

–“Айыл Банк” ААК - 5 млн 700 миң сомго 9 насыя;

–“Элдик Банк”ААК - 2 млн 200 миң сомго 3 насыя.