Фастфуддан уулануу. Дарыгерлер алдын алуу чараларын эскертишти

Ден соолук Загрузка... 16 Январь 2026 10:20
1600x1600.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Бишкектеги фастфуд түйүндөрүнүн биринде 15-январда 17 адам ууланган, алардын ичинен төртөө — балдар. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери жарандарга тамак-аштан уулануунун алдын алуу чараларын эскертишти.

Тамак-аштан уулануу — бул оору козгоочу микроорганизмдер же токсиндер менен өтө булганган же микробдук эмес мүнөздөгү уулуу заттарды камтыган тамак-ашты колдонуунун натыйжасында келип чыккан курч оору.

Алдын алуу чаралары

Фастфуд ишканалары үчүн:

  • тамак даярдоодо санитардык ченемдерди, эрежелерди жана технологиялык нускамаларды так сактоо;
  • өндүрүштүк көзөмөлдөө программаларынын болушу жана аларды аткаруу;
  • кызматкерлерди медициналык кароодон өткөндөн кийин гана жумушка киргизүү;
  • жугуштуу оорулардын белгилери бар адамдарды жумушка жолотпоо;
  • кызматкерлерди жеке гигиена жана санитардык эрежелерге үзгүлтүксүз окутуу;
  • сапаты жана коопсуздугу тастыкталган документтери бар, келип чыгышы белгилүү чийки заттарды гана колдонуу;
  • чийки заттарды жана даяр тамактарды өзүнчө сактоо;
  • тамак-аш азыктарын сактоо жана бышыруу учурундагы температуралык режимдерди сактоо;
  • этти жана жарым фабрикаттарды жетиштүү термикалык иштетүүдөн (бышыруудан) өткөрүү;
  • имараттарды, жабдууларды жана инвентарларды үзгүлтүксүз тазалоо жана дезинфекциялоо;
  • чийки жана даяр продукциялар үчүн өзүнчө инвентарларды колдонуу;
  • үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо жана кол жуу үчүн шарттарды түзүү;
  • сатылып жаткан продукциянын коопсуздугу үчүн кожоюндун жеке жоопкерчилиги.

Калк үчүн:

  • сырткы көрүнүшү таза жана санитардык шарттары сакталган коомдук тамактануу жайларына артыкчылык берүү;
  • күмөн жараткан, туруктуу эмес (көчмө) түйүндөрдөн шаурма жана башка тамактарды сатып алуудан оолак болуу;
  • тамактанар алдында, өзгөчө үйдөн тышкары жерде тамактанганда колду жуу;
  • фастфудду балдарга, кош бойлуу аялдарга, кары-картаңдарга жана өнөкөт оорусу бар адамдарга сунуштабоо;
  • уулануунун алгачкы белгилери пайда болгондо өз алдынча дарыланбай, тез арада медициналык жардамга кайрылуу.