Европарламенттин депутаты Евробиримдиктин Кыргызстанга карата жүргүзгөн саясатын сынга алды

Тышкы саясат Загрузка... 02 Февраль 2026 15:50
copyright icon WWW

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Франциянын Европа парламентиндеги депутаты Тьери Мариани Евробиримдиктин Кыргызстанга карата жүргүзгөн саясатын кескин сынга алып, өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана геосаясий абалын эске алууга чакырды.

Ал Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп Европа кеңешинен "демократиялык өнөктөш" статусун алганын эске салды.

“Эмне үчүн күтүүсүздөн эле баары Кыргызстанга асылып калганын түшүнбөй турам. Балким, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Испанияда эмиграцияда жүргөнү үчүнбү? Ошол үчүн бул өлкө күтүүсүздөн өзгөчө кызыгууну жаратып жатабы? Мен жөн гана суроо берип жатам. Эсиңиздерде болсо керек, Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп Европа кеңешинен “демократиялык өнөктөш” статусун алган мамлекет.

Албетте, бул идеалдуу өлкө эмес, бирок менимче Борбор Азиядагы беш мамлекеттеги кырдаалды карап көрсөк, бул өлкөдө абал анчалык жаман эмес. Бул мамлекетте шайлоолор өтүп турат, байкоочуларды жөнөтсө болот. Дагы кайталайм, эгер жаңылбасам, сизди жана сиздин делегацияны президент Садыр Жапаров кабыл алган. Сизден сурагым келип турат, ушул сыяктуу маселелерди талкуулоо үчүн сиздерди дагы канча мамлекет башчысы кабыл алды?

Айрым көйгөйлөр дагы деле бар. Албетте, адам укуктары жаатында алдыга жылуу зарылдыгы бар экени талашсыз. Бирок, менин көз карашымда бул өлкө абдан татаал жана өзгөчө шарттарда өзүнүн мамлекеттик институттарын бекемдөө жана улуттук тарыхын калыптандыруу жолунда өз ыргагы менен баратат. Ал Россия менен мамилесин сактап келет. Ооба, эгер 2 миллион кыргызды Россиядан чыгарып жиберсе, биз аларды Европада кабыл алууга даярбызбы? Мен бүт дүйнөгө акыл үйрөтүүгө каршы эмесмин, бирок кээде геосаясий реалдуулукту да эске алуу керек.

Маанилүү бир жагдайды белгилеп кетейин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров европалык лидерлер суктана тургандай элдик колдоого ээ. Ал мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтирген уюшкан кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөштү.

Мен азыр Кыргызстанга кол сунганыбыз жакшы деп эсептейм. Сиздер өз миссияңыздарды аткардыңыздар. Менимче, анын жыйынтыгына ыраазы болдуңар окшойт. Келгиле, конкреттүү суроолорду ортого коюп, Кыргызстан менен байланышты уланталы. Менимче, аларды жаман атты кылуу терс натыйжага алып келиши мүмкүн. Башкача айтканда, аларды кимден алыстаткыңар келсе, дал ошолордун кучагына түртүп салышыңар мүмкүн”, - деди ал.