Түркиялык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Тышкы саясат 14240 16 Январь 2026 09:21
1dce60a1257cd3b297d2752daac9ed80.webp
fc7e2f51-a9fc-3b37-8314-f695c631d4ce.jpg
Алдыга
Артка
1dce60a1257cd3b297d2752daac9ed80.webp
fc7e2f51-a9fc-3b37-8314-f695c631d4ce.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле быйылкы жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу пландары талкууланды.

Мекин Мустафа Кемал Өкем соода-экономикалык кызматташуу маселелерине токтолуп, түрк компанияларынын Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле бул багытта биргелешкен иш алып барууга макулдашты.