Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда БУУнун Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу астында өткөн Европалык эмдөө жумалыгы жыйынтыкталды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, медицина кызматкерлеринин жана көчмө бригадалардын үймө-үй кыдырып жүргүзгөн ишинин натыйжасында өлкө боюнча 48 миң 803 адам профилактикалык эмдөөдөн өттү.
Калк арасында эмдөөнүн жугуштуу оорулардан коргонуунун эң натыйжалуу жолу экенин түшүндүрүү жана бардык курактагы адамдардын ден соолугун сактоо.
Иш-чара расмий түрдө апрель айынын аягында өткөнүнө карабастан, калкты маалыматтандыруу жана эмдөө менен камтуу иштери май айында да активдүү улантылды.
Саламаттык сактоо министрлиги жана Республикалык иммунопрофилактика борбору бул кампанияга активдүү катышкан бардык дарыгерлерге, жергиликтүү бийликке жана өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирет.
Өз убагында эмдөө алуу — кооптуу инфекциялардын жайылышын алдын алып, келечек муундун бакубаттыгын камсыз кылат.