Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Авиация тармагы президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Кыргызстанда жигердүү өнүгүп жаткан тармактардын бири болуп калды.
Учурда республиканын бардык аймактарында аэропортторду модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер аяктады. Президент жакында Нарын шаарындагы "Нарын" жана "Казарман" аэропортторунун ачылыш аземинде белгилегендей, эми өлкөдөгү бардык аэропорттор иштеп жатат.
Садыр Жапаров жарандарга кайрылып, келерки жылы өлкөнүн авиапаркы ички каттамдар үчүн дагы бир нече Bombardier DASH 8 учагы жана эл аралык каттамдар үчүн Boeing же Airbus сыяктуу ири авиалайнерлер менен толукталарын белгиледи.

"Бул учактарды ишке киргизүү менен ички каттамдардын туруктуулугу жана жеткиликтүүлүгү бекемделип, эл аралык каттамдардын саны кыйла көбөйөт", - деди ал.
Президент өз сөзүндө Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгууга байланыштуу маанилүү жагдайга да токтолуп, процесси акыркы баскычта турганын айтты.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан 2006-жылы Евробиримдиктин авиация боюнча "кара тизмесине" киргизилген, анда Евробиримдик коопсуздук стандарттарын сактабагандыгына байланыштуу өлкөнүн бардык авиакомпанияларын аба мейкиндигине учуусуна тыюу салган.

Өз кезегинде “Кабар” агенттиги менен болгон маекте Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Данияр Бостонов Кыргызстанды Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча мамлекет, тагыраак айтканда Мамлекеттик агенттик тарабынан этап-этабы менен аткарылган иштерге кеңири токтолду.
Ал белгилегендей, президент акыркы үч жылда жарандык авиацияны, анын ичинде өлкөнүн "кара тизмеден" чыгуу маселесин тыкыр көзөмөлгө алган.

"Кара тизме" маселесин Евробиримдиктин Еврокомиссиясы көзөмөлдөйт, Башкы директорат (DG MOVE – Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директорат) сыяктуу уюм бар, жөнөкөй тил менен айтканда - бул Евробиримдиктин Транспорт министрлиги, башкача айтканда, Евробиримдиктин ар бир өлкөсүнүн өзүнүн Транспорт министрлиги бар жана алардын үстүндө Башкы директорат турат.
Ал жакта авиацияны көзөмөлдөгөн департамент иштейт, анда "кара тизмени" көзөмөлдөгөн бөлүм бар. Мамлекеттик агенттиктин директорлугуна үч жыл мурда дайындалып, 2006-жылдан бери бул маселе чечүү үчүн директоратка барган биринчи өкүл болдум. Буга чейин өлкөнүн атынан бул маселени чечүүгө эч ким барган эмес. Биз "кара тизмеден" чыгууга кадам таштадык, - деди ал.

Директордун айтымында, акыркы үч жылдын аралыгында көп иштер аткарылды.
"Кыргызстанды кара тизмеге киргизүүдөгү эң чоң эскертүү бул көзөмөлдөөчү орган, башкача айтканда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин индустрияга, аэропортторго, авиацияга байланышкан бардык нерселерге көзөмөлүнүн начардыгы болгон. Директорат менен биргеликте биз жол картасын иштеп чыктык, анда биринчи шарт эл аралык ИКАО уюмунун аудиттеринен өтүү болгон. Анткени, бул уюм БУУнун түзүмүнө киргендиктен БУУга кирген дүйнөнүн бардык өлкөлөрү авиациядагы эл аралык эрежелерди сакташы керек.
Биз жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу боюнча бул аудиттен олуттуу эреже бузууларсыз өттүк. Көптөгөн документтерди даярдадык. Экинчи аудит да ИКАО уюму тарабынан авиациялык коопсуздук чөйрөсүндө гана болгон. Авиациялык коопсуздук - бул аэропорттордун аймактарын, авиакомпанияларды жана башкаларды мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо. Авиациялык коопсуздук чөйрөсүндө биз да аудиттен ийгиликтүү өттүк. Айтмакчы, биз авиациялык коопсуздук боюнча биздин региондо эң жогорку балл алдык", - деди Бостонов.

Текшерүүнүн бул этаптарынан кийин Еврокомиссия бир жыл мурда Кыргызстанга алгач онлайн, андан соң оффлайн аудит жөнөткөнүн мекеме жетекчиси билдирди.
"Башкача айтканда, алар бизди онлайн режиминде аудиттен өткөрүшүп, биз аларга англис тилинде документтерди жөнөттүк, бардык көрсөтмөлөрүбүздү, ченемдик укуктук актыларыбызды котордук, айрым документтерди даярдап, бизде бардыгы талапка жооп бере тургандыгын тастыктадык. Анан европалыктар бизге учуп келишип, бардыгы кандай экенин өз көздөрү менен көрүштү. Эми үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында биз инспекторлорубуз менен Брюсселге бардык материалдарды коргоо үчүн учуп барабыз. Ал эми ушул жылдын декабрь айында же келерки жылдын январь айында Еврокомиссия Кыргызстанга финалдык аудит менен келиши керек, ал эми 2026-жылдын май айында Евробиримдиктин транспорт боюнча комитетинде биз кара тизмеден чыгабызбы же жокпу расмий түрдө айтылат. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, айланадагылардын баары кара тизме бул Бишкектен Европага гана учууга тыюу салуу деп ойлошот. Бирок бул андай эмес. Бул болгону айсбергдин чокусу гана", - деп кошумчалады ал.

Бостоновдун айтымында, ушул убакка чейин Кыргызстандын жарандык авиациясына эл аралык уюмдардан, жеке сектор жана башка компаниялардан инвестиция келбегени эң чоң көйгөй болуп саналат.
“Евробиримдиктин кара тизмесинде турган өлкөгө эч ким инвестиция салгысы келбейт. Бул – биринчи себеп. Экинчи жагынан алганда – биз Евробиримдиктен жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн учактарды насыяга ойдогудай баада сатып ала албайбыз. Анткени насыялык пайыздык чендер өтө жогору жана камсыздандыруу баасы бир нече эсе кымбат. Жөнөкөй мисал келтире турган болсом, жакында биздин Туризм департаменти Германиядан 80 турист алып келди. Алар камсыздандыруудан өтүп, “Асман Эйрлайнс” компаниясынын бүтүндөй учагын ижарага алып, Бишкек, Ысык-Көл жана Ош облусуна учалы дешкен. Бирок Германиянын камсыздандыруу компаниясы туристтерге өлкө ичинде биздин учак менен учууга уруксат берген эмес.

Бул кара тизмеде болуу канчалык маанилүү экендигинен кабар берет. Алар керек десе кара тизмеде болгон компаниянын учагы менен ички каттамдарга учууга да уруксат беришкен жок. Бизде бир эле компания эмес, бүтүндөй өлкө кара тизмеде турат. Ал кара тизмеге киргенде, бардык авиакомпаниялар автоматтык түрдө кошо кирет”,-деп түшүндүрдү ал.
Авиакомпаниянын жетекчисинин айтымында, өлкөгө караганда авиакомпаниянын кара тизмеден чыгышы жеңилирээк болот. Себеби бул өтө татаал процесс жана жашка мамлекеттик органдар менен байланыштуу болуп саналат. Ал ошондой эле дүйнөдө ал тургай мындай маселеге жардам бере турган консалтинг компанияларынын жок экендигин белгиледи.

“Кара тизмеден чыгуу менен биз эмнелерге ээ болобуз? Жогоруда айтылган көйгөйлөрдүн баары чечилет жана автоматтык түрдө бардык авиакомпанияларыбыз кара тизмеден чыгат. Бирок алар Европага учууну кааласа, баары бир уруксат алышы керек болот. Ошентсе да, аларга камсыздандыруу баасы төрт эсе арзан болуп, учактарды насыяга же лизингге кыйла төмөн баада алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле учактар да кайра сатууда баасын жоготпойт.
Мисалы, биз Америкадан учак сатып алдык дейли. Ал Кыргызстанга келип, каттоодон өтүп кыргызстандык болуп калары менен баасы дароо төмөндөйт. Себеби биз кара тизмедебиз”,-деп белгиледи ал.
Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси ошондой эле “Асман Эйрлайнс” компаниясы үч учакты өз каражатына сатып алып, эми төртүнчүсүн жана эл аралык каттамдар үчүн эки орто аралыктагы дагы бир учак алууну пландап жатканын билдирди.

“Жакында Ысык-Көлдө өткөн Кыргыз-орус экономикалык форумунда “Кыргызстан аэропорттору” ААКсына учактарды алууну каржылоо боюнча келишимге кол коюлду. Ал эми жарандык авиациядагы кадр маселесине токтолсок, бизде айрым кошуна өлкөлөрдөн айырмаланып, совет доорунан бери авиациялык адистерди даярдап келе жаткан Авиация колледжи бар.
Биздин өзүбүздө эки окуу учагы бар учкучтар мектеби иш алып барат. Ал жерден пилоттор даярдалат. Мындан сырткары, авиадиспетчерлер, борт коштоочулар, авиациялык техниктер жана башка көптөгөн адистиктер окутулат.

Биз өз керектөөлөрүбүздүн толук тизмесин жаптык. Эл аралык ИКАО уюмунун аудитинин жыйынтыгына ылайык, биздин кызматкерлер эл аралык документтерге шайкештик боюнча 85пайыздан жогору балл алды. Бул биздин учкучтардын жаңы деңгээлге чыгышына шарт түздү.
Демек, бардык учкучтарыбыз квалификациялуу. Жакында, Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхында биринчи жолу биздин пилот Turkish Airlines компаниясына ишке орношту. Мындан сырткары, биздин учкучтар япониялык жана башка эл аралык авиакомпанияларда да иштеп жатышат”,- деп кошумчалады Бостонов.