Европада былтыркы жайда 60 миңден ашык адам көз жумду

Дүйнө Загрузка... 23 Сентябрь 2025 12:02
WhatsApp Image 2025-09-23 at 10.12.46.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Европада былтыркы жайдын ысыгында 60 миңден ашык адам көз жумду. Бул тууралуу Nature илимий журналына жарыяланган изилдөөгө таянып, Известия жазды.

Маалыматка караганда, изилдөөдө 2022-2024-жылдардагы жайкы мезгилдеги ысык аптап менен байланышкан өлүмдүн көрсөткүчү бааланган.

“Биз документте 62,7 миң өлүм учурун санаганыбызды белгиледик. Бул 2024-жылдагы ысык аба ырайы менен байланышкан”, - деп айтылат изилдөөнүн кириш сөзүндө.

Изилдөөдө белгиленгендей, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу жогору, анда 50 миңден ашык адам каза тапкан. Бирок 2022-жылдагыга караганда аз, анткени ал жылдагы ысык аптап 68 миң кишинин өмүрүн алган.