Бишкек, 10.09.25 /Кабар/. Израилдин Доха шаарына жасаган ракеталык чабуулу Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүн жана эл аралык укукту бузат. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат кызматынын сайтына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, “Израилдин Дохага карата авиа соккусу эл аралык укукту жана Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүн бузду. Бул окуя аймактагы зомбулуктун мындан ары күчөшүнө алып келиши мүмкүн”— деп жазылган.
Ошондой эле, Израилдин бул аракеттерин дүйнөнүн АКШ, Улуу Британия, Германия, Бразилия, Түркия сыяктуу бир катар өлкөлөрү жана Бириккен улуттар уюму айыптап, нааразычылыгын билдиришти.
Белгилей кетсек, күн мурун Израил Катар мамлекетинин борбору Дохага сокку урган. Атап айтканда бул сокку ХАМАС уюмуна каршы аракеттер болгон. Катар ТИМи билдиргендей, чабуул маалында “ХАМАСтын саясий бюросунун айрым мүчөлөрү жашаган үйлөр” жабыркаган.
ХАМАС – 1987-жылы түзүлгөн палестиналык исламчыл кыймыл. Максаты – Палестинада ислам мамлекетин куруу жана Израилге каршы күрөшүү. 2007-жылдан бери Газа секторун башкарып келет. Көп өлкөлөр аны террористтик уюм деп тааныйт.