Евробиримдик Газадагы аскердик операциядан улам Израилге каржылык колдоону токтотот

Дүйнө Загрузка... 18 Сентябрь 2025 10:33
WhatsApp Image 2025-09-18 at 09.23.36.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Евробиримдик Газадагы аскердик операциядан улам Израилге каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотот. Ошондой эле израль бийлигинин бир катар өкүлдөрүнө да каршы санкцияларды киргизүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Еuronews Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйендин Еврокомиссиянын сайтындагы билдирүүсүнө таянып жазды.

Маалыматка караганда, Евробиримдиктин бул сунушу Израилдин өкмөтүнүн аракеттери адамдык жана демократиялык укуктарды урматтоонун негизги принциптерин бузуп жатканы аныкталгандан кийин айтылды.

Айрыкча Израилдин бузуулары Газа тилкесиндеги гуманитардык жардамды курчоого алуу, аскердик операцияларды активдештирүү жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде жаңы конуштарды куруу боюнча Е1 долбоорун алдыга жылдыруу чечимине байланыштуу экени белгиленди.

Бирок ЕБ жарандык коомду жана Яд ва-Шем мемориалдык комплексин каржылай берерин Урсула фон дер Ляйен айтты.

“Күн сайын Газа секторунда болуп жаткан окуялар токтошу керек. Тез арада ок атышуу токтоп, бардык гуманитардык жардам үчүн жол ачылып, туткундагылар бошотулушу зарыл”, — деди ал.