Эверестте бороондон улам миңдей альпинист базалык лагерден чыга албай калды

Дүйнө Загрузка... 06 Октябрь 2025 08:15
WhatsApp Image 2025-10-06 at 05.13.45.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.10.25 /Кабар/. Эверест тоосунда катуу жааган кар жана бороон-чапкындын улам миңдей альпинист базалык лагерден чыга албай калды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Маалыматка ылайык, октябрь айындагы абдан катуу жааган кар, бороон-чапкын жана муз тоңгон жолдордон улам альпинисттер 4,9 миң метр бийиктиктеги базалык лагерден чыга албай калышкан. Буга байланыштуу альпинисттер куткаруучуларга байланышка чыгышкан. Айрымдарынын абалы оорлошуп, үшүккө кабылгандар бар экени айтылууда.

Учурда Эверест пейзаждык паркы жабылып, билеттерди сатуу убактылуу токтотулган. Окуя болгон жерге жергиликтүү куткаруу топтору жөнөтүлдү, бирок аба ырайынын начардыгы жана байланыштын үзгүлтүктөрү эвакуация иштерин кыйындатууда.