Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Энергетика тармагындагы кыйынчылыктар чагымчылдык менен коштолуп, саясий манипуляция үчүн жагымдуу жагдайды түздү. Мындай кырдаалды айрым абийирсиз ишмерлер дайыма пайдаланып келишкен жана бул чыр-чатакты күчөтө турган бардык жагдайларга тиешелүү. Бул өзүн көрсөткүсү келгендердин тагдыры. Тилекке каршы, аларда чыр-чатак чыгаруудан башка өздөрүн эстетүүнүн башка жолу жок. Алар бийликтен алыстаган жана өч алууну көздөгөндөр, өздөрүнүн эч нерсе чече албаган фигурага айланып баратканын байкабай калышат, ошону менен бүткүл күч-кубатын зыян келтирүүгө жумшашат.
Бул жолу дагы ошондой болду. Маалымат айдыңында ыңгайлуу учурду күтүп жаткан "мурдагы" (экс-президент) пайда болду. Албетте, анын айтымында, энергетикадагы каатчылык азыркы бийликтин айынан келип чыккан. Ал энергетикадагы азыркы кырдаалды өзү бийликте тургандагы абал менен салыштырып, анда өчүрүүлөр болбогонун жана өлкөдө өндүрүлгөн энергия ички керектөөнү камсыз кылууга жетиштүү болгонун айтты.
Мурдагы президенттин кайрылуусундагы карама-каршылыктарды биринчилерден болуп энергетика министри Таалайбек Ибраев айтып чыкты. Министр ЖМКлардын бирине берген маегинде алыскы Испаниядан келген каттын көбү жалган баяндардан турарын билдирди. Ибраев мурдагы саясатчынын "жетишкендиктерин" ийне-жибине чейин талдап чыкты.
Энергетика чөйрөсүндөгү уурулуктар жөнүндө ар кайсы учурда ар кандай айтылып келген. Бирок, жаңы деталдар ачыкка чыккан сайын 600 долларлык кычкачтар анча деле маанилүү эместей көрүнүп калды. Мисалы, энергетика министри бир эле долбоорду ишке ашырууда он миллиондогон доллар уурдалганын ишенимдүү билдирүүдө.

""Даткан-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулушу чындыгында эле Атамбаевдин убагында бүттү. Бирок, энергетикалык долбоору - "CASA-1000" долбоорун быйыл биз ишке бердик. "CASA-1000" долбоорунда линиянын бир чакырымы 420 миң долларга бүткөрүлдү.
Келгиле салыштырып көрөлү: "Датка-Кеминдин" 1 чакырым линиясы 644 миң долларды түзгөн. Айырма чоң, ар бир чакырымдан 224 миң доллар. Эгер 405 чакырымга көбөйтсөк 90 млн 720 миң доллар. Атамбаевдин убагында бул акчалар уурдалган", - деди Ибраев.
"Токтогул ГЭСин модернизациялоо жана реаблитациялоого келсек, анда 2020-жылга чейин бул жөн гана долбоор болгон. Энергетика министри белгилегендей, Атамбаевдин убагында дагы, анын мураскеринин убагында дагы өлкөдөгү ири гидростанцияларда эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес. ГЭСтин кубаттуулугу этап-этабы менен жүргүзүлгөн, реконструкциялоо иштери быйыл гана бүткөрүлдү.
"Токтогул ГЭСинин 4-агрегаты жакында эле бүткөрүлдү. Атап айтканда, 1-агрегат - 2022-жылы, 2-агрегат - 2023-жылы, 3-агрегат - 2024-жылы, 4-агрегат - 2025-жылы.
Ошондо гана жалпы кубаттуулук 240 МВтка көбөйтүлдү. Атамбаевдин учурунда бул иштердин бирөөсү дагы бүткөрүлгөн эмес", - деди министр.
Албетте, 600 долларлык кычкачтардын символуна айланган Бишкек ЖЭБин дагы айтпай кетүүгө болбойт. Өсүп жаткан шаар үчүн бул долбоор чындап эле зарыл болчу, бирок анын ишке ашырылышы азыркыга чейин көптөгөн суроолорду жаратууда.
"Бул жумуштар да кымбат жана сапатсыз аткарылган. Кийинчерээк кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында насыяга алынган 386 млн доллардын 111 млн доллары коррупциялык жол менен уурдалганы аныкталган. Бул иштер боюнча тиешелүү жетекчилер, анын ичинде Атамбаев өзү да жоопкерчиликке тартылган", - деп баса белгиледи Ибраев.
Бул жагдайда көпчүлүк Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын долбоору толук ишке ашпай калган кезектеги коррупциялык жаңжалды эске салды. Аталган долбоор үзгүлтүккө учураган, анткени бардык иштерге кимдир бирөөнүн кызыкчылыктары кошулуп, курулуш материалдары үч эсе кымбат баада сатылып алынган, ал эми жумуштун көлөмү ашыкча көрсөтүлгөн. Натыйжада, көп каражат эсептен чыгарылып, бирок иш жүзүндө дээрлик эч кандай иш жасалган эмес. Мындай схема келишимдин эки тарабы тең уурулукка кызыкдар болгону үчүн мүмкүн болгон. Ал эми карызды төлөө Кыргызстандын мойнуна илинген.
"Жыйынтыгында бир дагы ГЭС курулган эмес. Кыргызстан 37 млн доллар дегени менен чындыгында биз ал сумманы толук алган эмеспиз, ал эми пайыздык үстөктөр менен бүгүнкү күндө бул сумма 51 млн долларга жетти. Азыр биз Россия менен соттошуп жатабыз жана арбитраждык сот бизди төлөп берүүгө милдеттендирди. Мына, Атамбаевдин энергетикадагы "жалган реформаларынын" чыныгы жыйынтыгы ушундай.
Эгерде Атамбаев Россия менен болгон келишимди бир тараптуу бузбаганда, биз бүгүн арбитраждык соттон утулмак эмеспиз.
Эми биз "жебеген мантыга" 51 млн доллар төлөшүбүз керек, аны дагы бюджеттен төлөйбүз", - деди Ибраев.
Албетте, мындан энергетикадагы абал жеңилдеген жок. Кыргызстан өнүгүүнүн жогорку темпин көрсөтүүдө, бирок учурда өсүп жаткан суроо-талапты камсыз кылууга генерация жетишсиз болууда. Көптөгөн турак жайлар, бала бакчалар жана мектептер курулуп, ондогон ишканалар ишке киргизилип жатат, ал үчүн барган сайын көбүрөөк энергия керектелет. Акыркы жылдарда өлкөдө бул багытта жалпы керектөө 30 пайызга өстү. Учурда ишке киргизилип жаткан ГЭСтер мындай муктаждыктарды жаба албай жаткандыктан Кыргызстан өнөктөштөрдөн миллиарддаган киловатт-саат электр энергиясын сатып алууда. Ошол эле учурда бул баа мурдагы бийликтер сатып алган баадан төмөн.
Энергетика министри мурдагы президенттин айткандарын коомчулукту адаштыруу аракети деп атады. Чындап эле, 2017-2018-жылдар Кыргызстанда суусу мол жылдар болуп, катуу жааган жамгыр жана кардын натыйжасында Токтогул суу сактагычы толуп, 19,4 млрд куб метрге жеткен. Өлкө ушул көлөм менен эки сезонду өткөргөн, андан кийин электр энергиясын кайрадан кымбат баада импорттоо башталган. Ошол кезде өлкөнүн өнүгүү темпи жай болгондуктан, анын керектөөсү азыркыдан кыйла төмөн болчу.
"Атамбаевдин учурунда бир дагы ГЭС курулган эмес. Тескерисиче тармак карызга батып, долбоорлор эки эсеге кымбат ишке ашкан, бул коррупциялык схемалар боюнча дадилденген факт. Атамбаевдин "биз импортту токтотуп, ГЭСтерди реконструкциялаганбыз" деген билдирүүсү жалган. Муну мен ага далилдеп берем", - деди Ибраев журналисттерге.
Серепчи Бактыбек Саипбаевдин айтымында, мурдагы президенттин сөздөрүндө, албетте, кандайдыр бир амалкөйлүк бар. Анткени Токтогул суу сактагычы толуп турганда да энергетикалык тартыштык маселеси курч бойдон кала берген.
"Бизде көйгөйлөр топтолуп, өсүп отурду. Анткени, 30 жылдан ашык убакыт бою эскирген система бузулгандан кийин гана жамалып келген, жабдуулар жаңыланган эмес, ошол эле учурда жаңы объекттер өтө аз санда гана ишке киргизилген. Башкача айтканда, ондогон жылдар бою генерация мурунку деңгээлде кала берген.

Эч кандай станциялар курулбаса, энергетикалык көз карандысыздыкка кантип жетүүгө болот? Ошол эле учурда керектөө өсүүдө. Суроо-талап мындан ары да өсө берет, ал бир нече эсеге көбөйүшү мүмкүн. Ал эми келечекте көп энергияны талап кылган жаңы өндүрүштөр ишке кирсе, бизге дагы да көбүрөөк энергия керек болот.
Гидроресурстар, күн жана шамал сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактары дайыма эле туруктуу эмес. Ал эми бизге аба ырайына, сутканын убактысына же сезонго карабастан, туруктуу чоң көлөмдөгү энергияны өндүрө ала турган туруктуу булактар керек. Бизде мындай качан болгон? Ошондуктан, саясий амалкөйлүккө олуттуу мамиле кылуунун кереги жок", - деп жыйынтыктады Бактыбек Саипбаев.
Сүйлөөнү токтотуп, иштөө керек, — дейт саясат таануучу Бакыт Бакетаев. Ал энергетикадагы кырдаал өтө эле саясатташып кеткенине нааразы.
"Бизде толук энергетикалык көз карандысыздык, толук запас эч качан болгон эмес. 30 жыл бою Камбар-Ата-1, ЖЭБ жана Кара-Кече жөнүндө көп сүйлөдүк. Бул долбоорлор боюнча иштер эми гана башталды, бул чоң масштаб. Мен азыр курулуп, ишке киргизилип жаткан ГЭС станцияларын көрүп жатам. Ошол эле учурда, бүтүндөй экономика өнүгүп жаткандыктан, энергия дагы көп талап кылынат. Биз ИДПнын өсүү темпи боюнча КМШда биринчи орунга чыктык, бул көрсөткүч энергетикалык мүмкүнчүлүктөр менен түздөн-түз байланыштуу. Бул — натыйжа", - деп баса белгиледи Бакетаев.

Энергетиканын, анын өнүгүүсүнүн айланасындагы талаш-тартыштар пайдалуу да, натыйжалуу да болушу мүмкүн, бирок бул оптималдуу чечимди табуу, өз өлкөсүнө жана элине жардам берүү каалоосу болгондо гана. Эгерде мындай ниет жок болсо, анда саясатчылар интригаларга аралашпаганы оң.
Эң туура чечимди табуу жана өз өлкөсүнө жана элине жардам берүү каалоосу болгондо гана энергетика жана аны өнүктүрүү боюнча талаш-тартыштар пайдалуу да, жемиштүү да болушу мүмкүн. Кризис учурундагы арзан пиар жана манипуляциялар – бул кырдаалды ого бетер начарлатууга багытталган атайын жасалган аракеттер. Мындай жалган маалыматтарда жана туура эмес баяндарда коомго пайда алып келе турган конструктивдүү эч нерсе жок.