Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат

Коом Загрузка... 12 Январь 2026 22:18
WhatsApp_Image_AjINuPI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жарандар күбөлүктөрүн 15-январдан 15-февралга чейин акысыз алмаштырса болот.

"Айдоочулук күбөлүк боюнча суроолор көп болуп жаткандыктан кыскача маалымат берейин. Декабрь айында айтылгандай эле, президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 15-январынан 15-февралына чейин эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. Ошондуктан убакытты өткөрбөй, азыртадан барып алмаштырып алыңыздар", - деп белгиледи ал.