Эртеңкиге ишеним. Экономикалык өсүш жана калктын реформаларга болгон ишениминин жогорулашы

Аналитика Загрузка... 09 Октябрь 2025 17:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кыргызстанда ИДПнын 10%дан ашык деңгээлде активдүү өсүшү төртүнчү жыл катары менен байкалууда. Негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышы, каржы секторундагы туруктуулук жана социалдык чөйрөдөгү салмактуу саясат коом тарабынан позитивдүү кабыл алынууда.

Калктын реформаларга жана экономикалык абалга болгон ишеними (90%ке чейинки оң баалар) жана үй чарбаларынын финансылык ишениминин жогорулашы Дүйнөлүк банктын изилдөөсүн кошкондо, эл аралык финансылык институттардын сурамжылоолорунун маалыматтары менен тастыкталат.

Эртеңки күнгө болгон ишеним реалдуулукту субъективдүү баалоо факторунун бир бөлүгү, бирок ал бир заматта пайда боло албайт. Кризиссиз жана дүрбөлөңсүз жакшы жакка өзгөрүүлөр коомдj позитивдүү маанай жаратыш үчүн бир нече жыл бою уланышы керек. Буга кирешенин деңгээлинин жогорулашы, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгү, улуттук валютанын туруктуулугу жана башкалар сыяктуу объективдүү көрсөткүчтөр түздөн-түз таасир этет.

photo_54088322.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Реформаларга болгон ишенимдин өсүшү эл аралык каржы институттарынын жана өнүктүрүү банктарынын отчетторунда да белгиленген. Бул калк бийликтин ишин жөн гана жактырып же колдоп эле тим болбостон, жакшы жакка өзгөрүүлөрдү сезип жатканын да далилдейт.

Экономика жана бизнес жаатындагы эксперт Сергей Пономарев сооданын, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнө жана бизнестин чыңдалышына шарт түзгөн салык тармагындагы реформалар маанилүү роль ойногонун белгилейт.

1220557.25f8b2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

"Түшүнүктүү формадагы башкаруу операциялык ишмердүүлүктү жеңилдетет, бул ишкерлердин да, потенциалдуу инвесторлордун да ишенимин жаратат. Биз көп жылдар бою умтулган нерсе - социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү да азайды. Жакында эле алар иш берүүчү үчүн 27,25 болчу, азыр ставка 15 пайызга кыскартылды. Демек, конвертте айлык берүү практикасы артта калды.

Муну менен бирге социалдык фондго чегерүүлөр көбөйүү тенденциясы байкалууда. Эгерде 2-3 жыл мурда минималдуу пенсия 2 миң сомдун тегерегинде болсо, бүгүнкү күндө босого 7 100 сомго чейин көтөрүлдү, бул абдан чоң айырма.

Геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү, аймактагы тарыхый жана жакын кошуналардын ортосундагы сооданын жана кызматташтыктын активдешүүсү дагы ИДПнын көрсөткүчтөрүнүн жана мамлекеттик бюджетке чегерүүлөрдүн жакшырышына өбөлгө түзөт. Бул, албетте, оң ролду ойнойт», - деп белгилейт Сергей Пономарев.

WhatsApp_Image_nsDX5Kn.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыровдун айтымында, Кыргызстандын бийлиги сөздөн ишке өттү, ошондуктан жыйынтык бар. Индустриалдык жана агроөнөр жай кластерлери өнүгүүдө. Өндүрүштөр узакка созулган макулдашууларсыз ишке киргизилип жатат. Санариптештирүү өнүгүүнү токтотуп келген бюрократияны сүрүп чыгарууда. Ошол эле учурда салык процедураларын жөнөкөйлөтүү ишкердик жана бизнес үчүн ыңгайлуу жана ачык-айкын чөйрөнү түзүүдө.

«Бизге болгон бул оң жылыштарды көрүп, инвесторлор, өзгөчө коңшу өлкөлөрдөн жана Кытайдан келе башташты. Анткени салык жана каттоо процедуралары жөнөкөйлөштүрүлдү, инвестициялык долбоорлор үчүн "бирдиктүү терезе" иштеп баштады. Мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгы өсүүдө, жеке менчиктин кол тийбестигине кепилдик түзүлүүдө. Кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөш туруктуулукка, соттордун көз карандысыздыгына, келишимдерди коргоого муктаж мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө. Башкача айтканда, бизнес муктаж болуп келген катуу тартип орноп жатат.

Агрардык реформа негизги реформалардын бири болду. Биздин фермерлер жеңилдетилген насыяларга жеткиликтүү болушту. Мамлекет аларды колдойт, ошондой эле айыл чарба продукцияларын экспорттоо маселелеринде да колдоо көрсөтөт. Мөмө-жемиштердин, жашылчалардын, балдын, жаңгактардын чет өлкөгө сатуунун көлөмү өсүүдө. Фермерлер чийки затты эмес, даяр продукцияны сатуу пайдалуураак экенин түшүнө башташты. Ошондуктан кайра иштетүү комплексинде жандануу байкалууда. Пандемия учурунда төмөндөп кеткен текстиль өндүрүшү кайрадан өсө баштады", - деп баса белгилейт Төлөнбек Абдыров.

photo_54088322_t6dW67v.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Эксперттердин пикиринде, позитивдүү өзгөрүүлөрдү сактап калуу үчүн, учурда өкмөт жана тиешелүү министрликтер инфляцияны төмөндөтүүгө көңүл бурушу керек. Анткени, айрым учурларда ал азык-түлүккө жана биринчи кезектеги керектелүүчү товарларга баанын негизсиз көтөрүлүшүнөн улам келип чыгууда. Чынында эле, Кыргызстанда калктын кирешесинин көбөйүшүнө байланыштуу керектөө суроо-талабы жетиштүү деңгээлде. Бул кадимки эле көрүнүш, бирок аны негизсиз кымбаттатуу жана алып-сатарлык үчүн пайдаланууга болбойт. Монополияга каршы орган мындай абийирсиз ишкердик фактыларын катуу жана көрсөтмөлүү түрдө токтото алат.