Эртеңден тарта борбор калаадагы Токтоналиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом Загрузка... 04 Апрель 2025 16:24
WhatsApp_Image_2025-03-26_at__uURqBPT.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Эртеңден тарта борбор калаадагы Токтоналиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат.

Мэриядан маалымдашкандай, 2025-жылга карата пландын жана титулдук тизменин негизинде Токтоналиев көчөсүнүн Абсамат Масалиев проспектисинен “Жаштар кварталы” турак жай комплексине чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери башталат.

Буга байланыштуу №175 автобус каттамына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет. Каттам Масалиев, Бакаев жана Абдрахманов көчөлөрү аркылуу өтүп, Ынтымак жана Калыс-Ордо конуштары багыты боюнча жүрөт.

Курулуш иштерин “Технотоп” ишканасы аткарат.

Муниципалитет шаар тургундарына жана айдоочуларга келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жол тыгындарын болтурбоо үчүн алдын ала жол каттамдарын пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.