Эртең мененки тамак жана мээнин иштеши: Окумуштуулар уйкусуроонун себебин айтты

Ден соолук Загрузка... 08 Февраль 2026 14:30
IMG_1053.png

Бишкек, 08.02.26. /Кабар/. Эртең мененки тамакта кант жана майлуу тамак жегенден кийинки алгачкы сааттарда эле адамдын өзүн сезүүсүнө жана акыл-эс жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу "Food and Humanity" журналына жарыяланган изилдөөдө окумуштуулар билдиришти.

Экспериментке жаш аялдар катышып, аларга ар кайсы күндөрү калориялуулугу бирдей, бирок курамы ар башка — же тең салмакталган, же таттуу жана майлуу эртең мененки тамактар берилген. Жыйынтыгында, таттуу-майлуу тамактан кийин катышуучулар уйкусурап, пландоо жана бир тапшырмадан экинчисине өтүү сыяктуу мээнин ишине байланыштуу тапшырмаларды начар аткарышкан. Бул функциялар түздөн-түз концентрацияга, үйрөнүү жөндөмүнө жана натыйжалуу иштөөгө байланыштуу. Ошол эле учурда, тең салмакталган эртең мененки тамак ичкенден кийин көп өтпөй адамдын сергектиги жана энергиясынын өсүшү байкалган.

Физиологиялык өлчөөлөр бул көрүнүштү тастыктады: таттуу жана майлуу тамак нерв системасынын ишинде эс алуу режимин шарттаган. Жүрөктүн кагышы басаңдап, адатта эс алуу учурунда активдешүүчү парасимпатикалык нерв системасы иштей баштаган. Мындай эффект кечкисин пайдалуу болушу мүмкүн, бирок эртең менен ал жигердүү акыл-эс ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылат.

Авторлор изилдөө кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ экенин, бирок анын жыйынтыктары эртең мененки тамактын курамы канчалык маанилүү экенин көрсөтүп жатканын белгилешет.

Окумуштуулардын пикиринде, күндү таттуу токоч жана майлуу азыктар менен баштоо адаты маанайды байкатпай начарлатып, концентрацияны төмөндөтөт жана өзгөчө аялдардын ишке жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.