Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу берүү токтотулат

Коом Загрузка... 16 Сентябрь 2025 17:55
1758019497_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 16.09.25 /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу берүү токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 17-сентябрда саат 09:00дөн 16:00гө чейин жылуулук тармагындагы аварияга байланыштуу төмөнкү даректер боюнча ысык суу берүү убактылуу токтотулат:  

  • К. Көлбаев көчөсү, №17, 19, 21 үйлөр;  
  • Аламүдүн-1 кичи району, №71 үй.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.