Эртең Бишкекте “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясы башталат

Коом Загрузка... 23 Апрель 2025 17:44
WhatsApp Image 2025-04-23 at 13.01.18.jpeg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Бишкекте 24-25-апрелде өтүүчү “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясы 2027-жылы “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык катары “Тоолор беш жылдыгынын” алкагында уюштурулууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоартүрдүүлүк башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүчү бул маанилүү иш-чарага дүйнөнүн 60тай өлкөсүнөн жогорку деңгээлдеги өкүлдөрдүн келүүсү күтүлүүдө. Кечээтен бери конференциянын катышуучуларын тосуп алууну баштадык. Негизинен иш-чаранын биринчи күнүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө. Кийинки күнү өлкөнүн министрлик, мекеме өкүлдөрүнө, башка өлкөлөрдөн келген конокторго сөз берилип, андан кийин бир нече сессияларга бөлүнүү менен иш уланат. Конференциянын экинчи күнү “Ала-Арча” жаратылыш паркынын аймагына көчөт отургузуу иш-чарасы менен жыйынтыкталат”,- деди Кумар Мамбеталиев.

Белгилей кетсек, “Тоолор беш жылдыгынын” алкагында алдыдагы эки күндүк конференциядан тышкары, 2026-жылы - Нью-Йоркто пре-саммитин өткөрүү пландаштырылган.

Ал эми негизги иш-чара “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммити 2027-жылы өтүп, анда жыйынтыктар чыгарылуу менен бирге тоо экосистемаларын сактоо боюнча мындан аркы кадамдар аныкталат.