Бишкек, 07.08.25. /Кабар/. Эртең Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” ири тоо-лыжа курортунун курулушуна старт берилет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Ала-Тоо Резорт” Мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасы бир жыл мурда түзүлүп, бул аралыкта ири курулуштун долбоорун даярдап үлгүрүп эми болсо мезгил кутусун салууга белсенип турат. Курулуш жаратылышка минималдуу таасир тийгизип, эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.

“Ала-Тоо Резорт" долбоору Кыргызстандын Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа кластерин түзүү боюнча амбициялуу демилге болуп саналат. Долбоор төмөнкү үч негизги курортту камтыйт:
“Жыргалаң”
120 чакырым тоо-лыжа жолдору, 5-4-3 жылдыздуу конок үйлөрү, котедждери, глэмпингдери, спа-комплекси жана этно шаарчасы, конференц-залдары бар эң ири курорт.
“Ак-Булак”
80 чакырым тоо-лыжа жолу, 3-4 жылдыздуу отелдери, апартаменттер, хостелдер, маданий иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайлуу аянтча, стадион, окуу корпусу, фрирайд борбор, ресторан, зиплайн, альп-борбор, амфитеатр жайгашкан шаарча.
“Боз-Учук”
“50 чакырым тоо-лыжа трасса, 3-4-5 жылдыздуу отелдер, апартаменттер, медициналык борбор, спа-комплекс, балдар ойноочу жайлар, ат менен сейилдөөчү жай, ресторан, бутиктери бар үй-бүлөлүк курорт.

Мындан сырткары 4 миң унаа токтотуучу жайларды, курорттордун ортосундагы жаңы жолдорду жана туристтердин ыңгайлуу болушу үчүн өнүккөн инфраструктураны түзүү пландаштырылууда. Төрт мезгилде тең иштей турган эс алуу жайы табигый кар жана кар жасоо тутумунун жардамы менен лыжа тебүү мезгили жылдын жети айына чейин узартылат.
"Ала-Тоо Резорт" долбоору дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтерди тартуу менен тоо лыжа туризминин маанилүү борбору болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле ал аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана Ысык-Көл облусундагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Өткөн жылы долбоор ишке ашырылып жаткан аймактагы объекттерди, жолдорду куруу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Муну менен катар асма жолду, суу топтоочу, тазалоочу курулмаларды жана эки подстанцияны куруу боюнча даярдык иштерин аяктаган.

“Алат-Тоо Резорт” туристтик борборун куруунун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландаштырылууда. Бул убакытка чейин 4 чакырым созулган эки асма аркан жол бүткөрүлөт.
Планга ылайык, 3 курортту кошкондо жалпы узундугу 250 чакырым жакын лыжа трассалары курулат.
Долбоор ишке ашкандан кийин 5 миңге жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. Курорттордо жылына 850 миңге чейин туристти кабыл алууга мүмкүн болот.