Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев облустук жана шаардык ишканалардын жетекчилери менен бирге Талас шаарында курулуп жаткан уникалдуу К.Нуржанов аллеясынын курулушунун сапатын текшерди.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы текшерүүнүн жыйынтыгында курулуштагы кемчиликтерди жоюу тапшырмасын берди.
Ал аллея эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөө учурунда президенттин катышуусунда колдонууга берилерин айтты.
“Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосунун жана тапшырмасынын негизинде Талас шаарындагы К.Нуржанов аллеясы толугу менен жаңыланып, заманбап эс алуу багына айланууда. Жаңыланган аллея Таластын көркүнө көрк кошкон, эс алуу жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу жайлардын бирине айланат. Бул жерде шаар тургундары менен катар туристтер жана Таласка келген меймандар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Аллеянын аймагында эс алуучу жайлар, бутиктер, китепкана, спорт менен машыгууга арналган воркаут аянтчалары, Wi-Fi зонасы, фонтан жана башка заманбап инфраструктуралар каралган. Бул иштер шаардын борбордук бөлүгүнүн көркүн жакшыртып, бирдиктүү жана заманбап көрүнүштү камсыз кылууга багытталган”, - деп билдирди облус башчысы.