Акунбеков Үрүмчүдөгү "Кытай – Евразия" көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

Министрлер кабинети 594 25 Июнь 2026 19:10
6a3cf5d96d9e8.jpeg
6a3cf7053b437.jpeg
6a3cf6f92bc8b.jpeg
6a3cf6f75b2eb.jpeg
6a3cf6ea33bed.jpeg
6a3cf6e1ac19a.jpeg
6a3cf68e04d29.jpeg
6a3cf68c7e9af.jpeg
6a3cf68a7a7cf.jpeg
6a3cf6859cda8.jpeg
6a3cf6841f19e.jpeg
6a3cf682a66d2.jpeg
6a3cf682966e0.jpeg
6a3cf67d9f9a5.jpeg
6a3cf67d7f09a.jpeg
6a3cf67bf2c04.jpeg
6a3cf67ba6f59.jpeg
6a3cf67a022fa.jpeg
6a3cf678ad2d0.jpeg
6a3cf676a5c6a.jpeg
6a3cf674c16be.jpeg
6a3cf6742debf.jpeg
6a3cf673b9ab3.jpeg
6a3cf67133711.jpeg
6a3cf5f2f2b47.jpeg
6a3cf5f2c2bc8.jpeg
6a3cf5ef4c294.jpeg
6a3cf5ee5cd18.jpeg
6a3cf5edba6ae.jpeg
6a3cf5ec2fa7c.jpeg
6a3cf5eb524b0.jpeg
6a3cf5e9bcfc3.jpeg
6a3cf5e99a494.jpeg
6a3cf5e61e652.jpeg
6a3cf5e4c57ad.jpeg
6a3cf5e385595.jpeg
6a3cf5df11a2a.jpeg
6a3cf5dd735a5.jpeg
6a3cf5da7e761.jpeg
Алдыга
Артка
6a3cf5d96d9e8.jpeg
6a3cf7053b437.jpeg
6a3cf6f92bc8b.jpeg
6a3cf6f75b2eb.jpeg
6a3cf6ea33bed.jpeg
6a3cf6e1ac19a.jpeg
6a3cf68e04d29.jpeg
6a3cf68c7e9af.jpeg
6a3cf68a7a7cf.jpeg
6a3cf6859cda8.jpeg
6a3cf6841f19e.jpeg
6a3cf682a66d2.jpeg
6a3cf682966e0.jpeg
6a3cf67d9f9a5.jpeg
6a3cf67d7f09a.jpeg
6a3cf67bf2c04.jpeg
6a3cf67ba6f59.jpeg
6a3cf67a022fa.jpeg
6a3cf678ad2d0.jpeg
6a3cf676a5c6a.jpeg
6a3cf674c16be.jpeg
6a3cf6742debf.jpeg
6a3cf673b9ab3.jpeg
6a3cf67133711.jpeg
6a3cf5f2f2b47.jpeg
6a3cf5f2c2bc8.jpeg
6a3cf5ef4c294.jpeg
6a3cf5ee5cd18.jpeg
6a3cf5edba6ae.jpeg
6a3cf5ec2fa7c.jpeg
6a3cf5eb524b0.jpeg
6a3cf5e9bcfc3.jpeg
6a3cf5e99a494.jpeg
6a3cf5e61e652.jpeg
6a3cf5e4c57ad.jpeg
6a3cf5e385595.jpeg
6a3cf5df11a2a.jpeg
6a3cf5dd735a5.jpeg
6a3cf5da7e761.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Үрүмчү шаарында “Жибек жолунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү — Евразиянын жаңы энергиясы” аталышындагы “Кытай-Евразия” 9-ЭКСПОнун ачылыш аземине катышты. 

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Эрлист Акунбеков “Кытай – Евразия” ЭКСПОго үзгүлтүксүз негизде активдүү катышып келген Кыргызстан үчүн Кытай жана аймактын өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо баалуу аянтча болуп калганын белгиледи. 

“Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр – Евразия үчүн жаңы жашоо” темасын талкуулоодо Кыргызстандын бүтүндөй аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон кызматташтыктын негизги багыттарын белгилеп, биргелешкен кызматташуу үчүн транспорт, соода-экономикалык, энергетика жана финансы тармактарында кызматташууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкым келет”, — деди ал. 

Анда минкаб төрагасынын орун басары, транспорт тармагында Кыргызстан менен Кытай чек арасында иштеп жаткан үч көзөмөл өткөрүү бекеттери соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө негизги ролду ойноп, Кытай үчүн Борбор Азия менен Кавказга маанилүү дарбаза катары кызмат кыларын, ага кошумча тарыхый долбоор Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу башталганын, бул темир жол “Жаңы темир жибек жолуна” айланарын билдирди. 

Ал эми, соода-экономикалык кызматташтыкта Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин, мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу соода жылдан-жылга өсүп, өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 27 млрд долларды түзгөн. 

Энергетика тармагында болсо Кыргызстан өнөктөштөр менен кайра жаралуучу энергиянын долбоорлору, анын ичинде ГЭСтерди куруу жана модернизациялоо боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экени белгиленди. 

Эрлист Акунбеков мындан тышкары заманбап Жибек жолундагы ири долбоорлорду колдоого жөндөмдүү натыйжалуу финансылык инструменттерди ишке ашыруу өзгөчө актуалдуу болуп жатканын айтып, кыргыз тарап Кытай менен финансылык жана банктар аралык кызматташууну мындан ары тереңдетүүнү жактаарын кошумчалады. 

“Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган команданын конструктивдүү аракетинин натыйжасында акыркы беш жылда өлкөбүз экономикалык өнүгүү жолуна ишенимдүү кадам таштады. Экономика орточо жылдык өсүш темпин 10% көрсөтүүдө. Үстүбүздөгү жылдын беш айында ИДПнын өсүшү 12,2% түздү. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча Кыргызстан 2025-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Жыйынтыктап айтканда, Улуу Жибек жолунун так жүрөгүндө жайгашкан Кыргызстан Чыгыш менен Батышты байланыштырууда тарыхый маанилүү ролду ойногондугун баса белгилегим келет. Биз мындан ары да бул жол боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө — биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жалпы өнүгүүсү жана бакубаттуулугу үчүн салым кошууга даярбыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акунбеков.