Эрлист Акунбеков минкаб төрагасынын орун басары – айыл чарба министринин милдетин аткарат

Кадрлар жана дайындоолор 24 февраль 2026 17:47
Эрлист Акунбеков минкаб төрагасынын орун басары – айыл чарба министринин милдетин аткарат

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Акунбеков Эрлист Абакирович министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Акунбеков Эрлист Абакировичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.