Эрлист Акунбеков Кытайдын ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Министрлер кабинети 2300 26 Июнь 2026 17:30
6a3e19832dad8 (1).jpeg
6a3e1a4542b67.jpeg
6a3e1a3c38221.jpeg
6a3e1a3bf345a.jpeg
6a3e1a3bc549a.jpeg
6a3e1a3b6ca58.jpeg
6a3e1a1eada4e.jpeg
6a3e1a1e9c866.jpeg
6a3e1a1e3533b.jpeg
6a3e1a1df3057.jpeg
6a3e1a1dd8434.jpeg
6a3e1a1d6b78a.jpeg
6a3e1a1d75ceb.jpeg
6a3e19fa4e0e0.jpeg
6a3e19fa173d3.jpeg
6a3e19fa0b795.jpeg
6a3e19e544e89.jpeg
6a3e19e53c7de.jpeg
6a3e19cf1a7c3.jpeg
6a3e19cf063b3.jpeg
6a3e19cea60c2.jpeg
6a3e19ce9d8d1.jpeg
6a3e19afc0e13 (1).jpeg
6a3e19afc0e13.jpeg
6a3e19a352919.jpeg
6a3e1998dd4d4.jpeg
6a3e1998a7d5e.jpeg
6a3e19987b99c.jpeg
6a3e19986ea6b.jpeg
6a3e19832dad8.jpeg
Алдыга
Артка
6a3e19832dad8 (1).jpeg
6a3e1a4542b67.jpeg
6a3e1a3c38221.jpeg
6a3e1a3bf345a.jpeg
6a3e1a3bc549a.jpeg
6a3e1a3b6ca58.jpeg
6a3e1a1eada4e.jpeg
6a3e1a1e9c866.jpeg
6a3e1a1e3533b.jpeg
6a3e1a1df3057.jpeg
6a3e1a1dd8434.jpeg
6a3e1a1d6b78a.jpeg
6a3e1a1d75ceb.jpeg
6a3e19fa4e0e0.jpeg
6a3e19fa173d3.jpeg
6a3e19fa0b795.jpeg
6a3e19e544e89.jpeg
6a3e19e53c7de.jpeg
6a3e19cf1a7c3.jpeg
6a3e19cf063b3.jpeg
6a3e19cea60c2.jpeg
6a3e19ce9d8d1.jpeg
6a3e19afc0e13 (1).jpeg
6a3e19afc0e13.jpeg
6a3e19a352919.jpeg
6a3e1998dd4d4.jpeg
6a3e1998a7d5e.jpeg
6a3e19987b99c.jpeg
6a3e19986ea6b.jpeg
6a3e19832dad8.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын онго жакын компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. 

Жолугушууда “China National Petroleum Corporation”, “China Road and Bridge corporation”, “Xinjiang Sanbao Industrial Group Co., Ltd.”, “China Datang Overseas Investment Co., Ltd.” Хоргос эл аралык соода компаниясы, “Xinjiang Commercial Logistics (Group) Co., Ltd”, “Xinjiang Daheng Biotechnology Co., Ltd.” жана “Алтын-Жол” соода-логистикалык эл аралык компанияларынан турган бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн тармактары боюнча Кыргызстан менен иш алып баруу ниеттерин билдиришип инвестициялык сунуштарын айтып беришти. 

Анда тараптар негизинен күйүүчү-майлоочу май маселелери, жол куруу, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, энергетика, тоо-кен, эки тараптуу соода жүгүртүү жана логистика тармактарында кызматташууну илгерилетүү максатында биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлердин арасында буга чейин Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашыргандары да болду. Алар Кыргызстанда жалпы ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүнө байланыштуу жаңы долбоорлорду киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Анда Эрлист Акунбеков Кыргызстанда чет өлкөлүк капиталды коргоонун жана сактоонун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик чаралар ишке ашырылганын белгилеп, жолугушууларга катышкан Кыргызстандын мамлекеттик органдарына жана ведомстволоруна тиешелүү иштерди ыкчам жана дыкат алып барууну тапшырды.

Белгилей кетсек, бул жумушчу жолугушуу болду. Каралган маселелердин жыйынтыгы жакында боло турган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында жана Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюуга жетишүү белгиленди.

Ошондой эле, иш сапардын алкагында минкаб төрагасынын орун басары Кытай мамлекети менен ишкерлик кылган Кыргызстандын бизнес өкүлдөрүн кабыл алды. Мында ишкерлер транзит, экспорт, кайра иштетүү сыяктуу өздөрүнүн маселелерине түз жооп ала алышты. Ишкерлер экономиканын өзөгү экенин айткан Эрлист Акунбеков, мамлекет ички жана сырткы инвесторлорду дайым колдоого даярдыгын, ал эми ата мекендик ишкерлерди колдоо боюнча мамлекеттик программалар иштеп жатканын жана гранттык, субсидия багыттарында дагы жаңы документтер кабыл алынарын билдирди.