Эрлист Акунбеков Куланак ГЭСинин курулушу менен таанышты

Министрлер кабинети 18 Июнь 2026 10:20
6a329bddbd0b2 (1).jpeg
6a329bf1d94a9.jpeg
6a329bf1653b1.jpeg
6a329bf0c3b70.jpeg
6a329bf06ea93.jpeg
6a329befef1c7.jpeg
6a329bef800b3.jpeg
6a329bee1339f.jpeg
6a329bece0a42.jpeg
6a329bec6bb4e.jpeg
6a329be7e1bef.jpeg
Алдыга
Артка
6a329bddbd0b2 (1).jpeg
6a329bf1d94a9.jpeg
6a329bf1653b1.jpeg
6a329bf0c3b70.jpeg
6a329bf06ea93.jpeg
6a329befef1c7.jpeg
6a329bef800b3.jpeg
6a329bee1339f.jpeg
6a329bece0a42.jpeg
6a329bec6bb4e.jpeg
6a329be7e1bef.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Куланак ГЭСи Нарын районунда “Нарын” өндүрүштүк ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан ири энергетикалык долбоор болуп саналат. Долбоордун кубаттуулугу 100 МВтты түзүп, жылына 435,2 млн кВт-саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Учурда объектте дамбанын, ГЭС имаратынын жана узундугу 6,5 чакырымды түзгөн суу жеткирүүчү каналдын курулушу активдүү жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтында 600гө жакын адам эмгектенүүдө, алдыңкы күндөрү алардын саны 1200гө чейин жетет.

Акунбеков жооптуу тараптарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүүнү камсыздоону тапшырды. 

Белгиленгендей, объект 2027-жылы пайдаланууга берилет. Долбоор толук ишке киргенден кийин өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын кыскартууга олуттуу салым кошуп, жылына 435,2 млн-кВт саат электр энергиясын өндүрөт.