Эркиндик бульварында Ош менен Нарындын өнөрпоздору концерт берди

Маданият

Бишкек, 28.10.26 /Кабар/. Эркиндик бульварында Ош менен Нарындын өнөрпоздору концерт берди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварында кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына арналган маданий иш-чаралардын алкагында Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы жана М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрынын чыгармачылык программалары тартууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө чыгармачыл жамааттар шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна өз өнөрлөрүн тартуулап, майрамдык маанай тартуулашты.