"Эркин Тоо" жана "Слово Кыргызстана" гезиттерине кызматтык унаалар тапшырылды

Коом Загрузка... 20 Октябрь 2025 18:00
copyright icon Дайырбек Орунбековдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен "Эркин Тоо" жана "Слово Кыргызстана" гезиттерине жаңы кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, буга чейин колдонуп келген унаалары эскирүү себебинен жарактан чыгып калган болчу.

"Жаңы унаалардын берилиши журналисттердин ишин жеңилдетип, редакциянын кызматтык иштерин ыкчам жүргүзүүгө чоң жардам берет деген үмүттөмүн.

Гезиттердин эмгек жамааты бул камкордукту мамлекет башчысынын басма сөз тармагына көрсөткөн көңүл буруусу жана колдоосу катары кабыл алышып, президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришти", - деп жазды ал.