Бишкек, 26.11.25 /Кабар/. Россия менен саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жана бул кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Россиянын Кыргызстанга көчмө пневмокаркастык лабораторияларды тапшыруу аземинде билдирди.
Министрдин айтымында, Россия биологиялык коопсуздук маселелеринде Кыргызстандын негизги өнөктөшү болуп саналат.
“Бүгүн берилген мобилдик лабораториялар жана мурдагы биргелешкен долбоорлор аркылуу биз кара тумоонун табигый очокторун эффективдүү көзөмөлдөп, санитардык-эпидемиологиялык туруктуулукту камсыздап келе жатабыз. Мындай жабдуулар өлкөбүздүн ар кандай коркунучтарга ыкчам жана туура жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн бекемдейт”, - деди Чечейбаев.