Эркин Чечейбаев: 2026-жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин айлыгы 50%га жогорулайт

Ден соолук Загрузка... 22 Ноябрь 2025 18:44
IMG-20251122-WA0093.jpg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.11.2025 /Кабар/. 2026-жылдын апрель айында дарыгерлердин жана саламаттык сактоо тармагында иштеген бардык кызматкерлердин айлык маянасы 50%га жогорулайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Министрдин айтымында, бул чоң каржылык жүктөмдү жаратса да, мамлекеттик кирешелердин өсүшү мындай чечимди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди.

Азыр саламаттык сактоо кызматкерлеринин орточо маянасы 23 миң сомдун тегерегинде болсо, жогорулатылган соң 35-36 миң сомго чейин жетет. Ал эми тажрыйбасы жогору жана аймактарда иштеген айрым дарыгерлердин маянасы 100 миң сомго чейин чыгып калат”, - деди министр.