"Эркечтам" өткөрүү пункту 8 гектарга кеңейтилип, жол тилкелери көбөйөт

Аймак 21 Июль 2026 18:00
751469300_1020130783954657_7638801586373053836_n.jpg
750617690_1530637444664419_5648059408212989284_n.jpg
750785908_2142773749979427_1151937595087443724_n.jpg
751437718_1562267485417249_5266996594225537517_n.jpg
752488822_1600456338082392_4188590120194018906_n.jpg
753192902_27475126798826060_5405032627451883343_n.jpg
753534511_1811960019731527_232948616015172376_n.jpg
754097728_1358591619049751_17877114050266103_n.jpg
754143416_3984842105155337_931613378141650688_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев Кытай менен чек арада жайгашкан стратегиялык маанилүү "Эркечтам" өткөрүү пунктунун курулуш жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бажы кызматынан билдиришкендей, учурда өткөрүү пунктунда инфраструктураны толугу менен жаңылоо боюнча масштабдуу долбоор ишке ашырылууда.

Долбоор аяктагандан кийин өткөрүү пунктунун кубаттуулугу бир багытта күнүнө 1000 транспорт каражатына чейин жетет.

Ошондой эле өткөрүү пунктунун аянты 8 гектарга чейин кеңейтилип, кирүү үчүн 6 жана чыгуу үчүн 4 заманбап унаа тилкеси уюштурулат. Мындан тышкары, саатына 120 унааны текшерүүгө жөндөмдүү инспекциялык-текшерип кароо комплекси, кошумча аянтчалар жана жол инфраструктурасы курулууда.

Иш сапардын жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы курулуш иштерин тездетип, жаңыланган "Эркечтам" өткөрүү пунктун мүмкүн болушунча эртерек пайдаланууга берүү боюнча жооптуу мекемелерге тиешелүү тапшырмаларды берди.