Бишкек, 19.08.28. /Кабар/. “Эрин” тропикалык бороону Пуэрто-Рикону каптады. Анын кесепетинен 140 миңден ашык тургун жарыксыз калды. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, шамал электр зымдарына зыян келтирген. Катуу шамалдын кесепеттерин жоюуга 750 адис тартылган. Электр энергиясы кайра качандан баштап берилери айтыла элек.
"Эрин" бороону азыр британиялык Гранд-Терк аралынын чыгыш-тундүгүндөн 205 чакырым алыстыкта болууда. Ошондой эле катуу шамал саатына 19 чакырым ылдамдыкта түндүк-батышка баратат.