Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-октябрда Ереван шаарында президент Садыр Жапаровду Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын расмий тосуп алуу аземи болуп өттү.
Президенттик сарайда оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Андан соң лидерлер расмий делегациялардын мүчөлөрү менен учурашты.
Аземден кийин Садыр Жапаров менен Никол Пашинян бетме-бет форматта сүйлөшүүгө өтүштү.