Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Кыргызстанда электр энергиясына болгон керектөө максималдуу чекке жетти. Мындай шартта ага альтернатива катары энергиянын кайра жаралуу булактары актуалдуу боло баштады.
Күн панелдери, шамал станциялары жана чакан ГЭСтер энергетикалык коопсуздукту чыңдоонун бирден-бир жолуна айланууда. Күндүн, шамалдын жана суунун кубатын энергияга айландыруу долбоорлору келечектүү деп каралганы менен бул багытта банктардын каржылоо шарттары татаал болуп жатканы айтылды.
Бул тууралуу Кыргызстанда алгачкылардан болуп энергиянын кайра жаралуучу булагы боюнча долбоорду баштаган ишкер, жашыл энергетика ассоциациясынын жетекчиси Кундус Кырбашева “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин студиясында суроолорго жооп берди.