Энергетиктердин шаары атыккан Кара-Көл. Мэр менен маек

Маек Загрузка... 28 Июль 2025 15:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары Жалал-Абад шаарынан 185 чакырым түндүк-батышта, Бишкек шаарынан 385 чакырым алыстыкта жайгашкан. Таш-Көмүр темир жол бекетине чейин 78 чакырым бар. Кара-Көл шаары 1962-жылы Токтогул ГЭСин куруучулардын шаарчасы катары негизделип, 1977-жылы 17-январда шаар макамы берилген. Учурда Кара-Көл шаарынын жалпы калкынын саны 28 миңге жетет. Бул ирет биз Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев менен шаарда аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу баарлаштык.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 15.25.15 (1).jpeg

Кара-Көл шаарына мэр болуп келгениңизге канча убакыт болду? Кызматка киришкенден бери шаарды өнүктүрүү боюнча кандай иштерди аткарууга жетише алдыңыз?

Мен 2024-жылдын август айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен мэр болуп дайындалгам. Бул кызматта иштеп жатканыма бир жылга чукулдап калды. Жаңы кызматка келгенде шаардын активи менен жолугуп, шаарды кыдырып чыгып, кандай көйгөйлөр бар экенин карап чыкканбыз. 2024-жылдын бюджетине кирген иштерди жыйынтыктоо боюнча иштер жүрдү. Алсак, Жаз-Кечүү аймактык башкармалыгында 100 орундуу бала бакчанын курулуш иштери толугу менен аяктады. Үстүбүздөгү жылдын башында бала бакча пайдаланууга берилди. Былтыр 31-майда Кара-Көл шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттин эсебинен 20 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка административдик имарат жаңыланып, жыйындар залы капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 15.33.17.jpeg

Быйыл шаарда кандай пландар алдыга коюлду?

Дем берүүчү грантка долбоор даярдап, 43 млн сомдук жумуштарды аткаруу мерчемделген. Мында эки бала бакчанын жылуулук системасын жаңылоо, “Кайыңды” балдар эс алуу лагеринин жана Кетмен-Төбө аймактык башкармалыгынын административдик имараттарын ремонттоо, Кайыпов көчөсүндөгү 1 чакырымга созулган тротуарды жана шаар ичиндеги 1 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Булардын жарымы дем берүүчү гранттын эсебинен каржыланып, ушул жумуштар аткаруу алдында турат. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 заманбап балдар аянтчасын орнотуу иштери жүрүп жатат. “Жеңиш” аллеясындагы айкелдерди оңдоп-түзөө боюнча дагы 1 млн 300 миң сом бөлүнүп, ремонт иштери жүргүзүлүүдө.

2025-2028-жылдарга шаарды өнүктүрүү программасын түзгөнбүз. Кийинки жылга Кара-Көл шаарын өнүктүрүүгө 500 млн сом бөлүнөт деп турабыз. Программа президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жактырылды. Жакында документ министрликтерге макулдашууга жөнөтүлөт. Ушул акча каражаты бөлүнүп калса, шаарда көзгө көрүнөрлүк иштер аткарылат деп жатабыз. Анын ичинде 10 чакырымга созулган ички жолдорду асфальттоо, 150 млн сомго заманбап жаңы парк куруу, аянты 10 гектарды түзгөн энергетиктердин эски паркы бар ошол жерге аттракцион, каруселдерди орнотуу иштери киргизилген. Ошондой эле маданият үйүн ремонттоо, фонтанын реконструкциялоо да бар. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк медицина борборун куруу каралган. №3 мектепке кошумча корпусту куруу да белгиленген.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 15.33.17 (2).jpeg

Шаарда артыкчылыктуу багыт катары кайсы тармакка маани берилүүдө?

Биздин шаар тоолуу аймакта жайгашкандыктан, туризмди өнүктүрүү боюнча иштерди алып баруудабыз. Токтогул суу сактагычынын жээгиндеги 13,5 млрд куб метрден жогору жайгашкан жерлер жеке ишкерлерге ижарага берилип, эс алуу жайлары курулуп жатат. Жакында эле “Аура” эс алуу жайы ачылды. 20-25 адамга жаңы жумуш оруну түзүлдү. Алдыда да биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жумуш алып барууга даярбыз. Жер керек болсо, бөлүп беребиз, ишкерлер өздөрүнүн каражатына объекттерди курат.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 15.38.58.jpeg

Калкты жумуш орундары менен камсыздоого боюнча кандай иштер жүрүүдө?

Шаардын калкы 28 миңге жетет. Алар соода-сатык, мал чарбачылыгы менен алектенет. Бирок Кара-Көл шаары энергетиктердин шаары болгондуктан көпчүлүгү ГЭСтерде иштешет. Тиш щеткасын чыгарган завод көп жылдардан бери иштебей турат. Ишкананын жетекчилери менен заводдун ишин жандандыруу боюнча сүйлөшкөнбүз. Азыр алар инвестор издеп жатат. Завод кайра иштеп калган болсо, жумуш орундар түзүлмөк. Оот айылында биздин 49 гектар жерибиз бар. Ал жерде цементке керектелүүчү сырьелор бар. 2026-жылы цемент заводун куруу боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүп, иштерди жүргүзүп жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, учурда Камбар-Ата – 1 ГЭСи курулууда. Ошол объект үчүн М300дөн М600гө чейинки цемент чыгарылмакчы. Инвесторлор менен сүйлөшкөндө жумушчулардын 80%ын жергиликтүү тургундар болорун айтканбыз. Ошондой эле ишкерлер тарабынан кубаттуулугу 18 МВт болгон чакан ГЭС курулууда. Жакында ишке берилип, 20-25 адам иш орду менен камсыз болот.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 15.33.17 (1).jpeg

Айрыкча аймактарда медицина кызматкерлери жетишсиз экени айтылып келет. Сиздер бул маселени чечүү боюнча кандай иштерди алып баруудасыздар?

Бизде медицина кызматкерлери жетишсиз. Акушер-гинеколог, хирург дарыгерлери керек. Быйыл биз мектепти аяктаган окуучулар жана ата-энелер менен сүйлөшүп жатабыз. Эгер бүтүрүүчүлөр медициналык кесипке ээ болуу максатында жогорку окуу жайга тапшырса, биз үч тараптуу келишимдин негизинде анын контрагын толук же жарымын төлөп беребиз. Азыр эки бүтүрүүчү менен ошондой келишим түзгөнү жатабыз. Биз алардын билим алуусуна шарт түзүп берип жаткандыктан, кийин окуусун аяктаганда, Кара-Көл шаарына келип медицина мекемелелерине иштеп бериши керек. Бул демилгебиз кадрлардын жетишсиздигин толуктоо максатын көздөйт.