Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасынын (Бишкек ЖЭБ) пландуу оңдоо иштери, 2025-2026-жылдардын жылытуу мезгилинин жыйынтыгы жана экономика тармактары менен калкты 2026-2027-жылдардын жылытуу мегилине карата даярдоо менен жеринде таанышты.
Анда минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасындагы отундун кору, диспетчердик пункт жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.
Бишкек ЖЭБинин жалпы ишмердүүлүгү жана маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, муниципалдык ишкананын жетекчилиги жана башка тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын башчылары маалымат беришти.
Белгилүү болгондой, 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү аяктоо жана Бишкек шаарын жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Бишкек ЖЭБинде пландуу оңдоо иштери график боюнча жүргүзүлүүдө, ремонт иштеринин ичине Бишкек ЖЭБинин жабдууларын, имараттарын жана курулмаларын оңдоо кирет.
Минкаб төрагасынын орун басары калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди, ошондой эле экономика тармактарын үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.
Маалым болгондой, алдыдагы жылытуу мезгилинен чыгуу үчүн Бишкек ЖЭБине 1 млн 600 миң тонна көмүр, 75 225 млн м³ газ, 1000 тонна мазут керектелет.
Объектти кароонун жүрүшүндө Эрлист Акунбеков, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын алкагында бекитилген бардык жумуштар толук көлөмдө жана өз мөөнөтүндө дыкат аткарылып, анын ичинде көмүрдүн белгиленген көлөмү менен камсыздоо, жабдуулардын кышында мүмкүн болгон жүктөмдөргө талаптагыдай даярдыгын камсыз кылуу иштерин жүргүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.