Энергетика тармагынын карызы 137 млрд сомдон 25 млрд сомго түшүрүлдү - президент

Президент Загрузка... 10 Ноябрь 2025 09:10
dc0e1510-d524-4a41-9efb-0abb6a242792.jpeg

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. 2020-жылга чейин энергетика тармагынын карызы 137 млрд сомду түзгөн. Азыр бул сумма 25 млрд сомго түшүрүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасаганда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мурда тышкы жана ички карыздары күндөн-күнгө өсүп, жумушчуларына эмгек акысын төлөө үчүн коммерциялык банктардан карызга акча алышчу. Мындайча айтканда банкрот болуп калышкан.

"Энергетиктер ал мезгилдеги кыргыз энергетика системасындагы болуп жаткан бул жагдайды жакшы билишет.

Бүткүл генераторлор эски. 1960-жылдардан бери жаңыланган эмес.

Жаңы салынган ГЭСтер да жок. Болгону 2009-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи генератору ишке кирген. Башка көзгө басар бир ГЭС курулган эмес.

Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы дефицит болуп келген.

Албетте, аны жабыш үчүн импорт алып келип турганбыз. Алганда да бир кВт саатын 5 сомдон алган күндөр болуптур.

Мен муну бийлик башына келип, бул тармакта ар түркүн реформаларды жасоо жана бул системада коррупция менен уурулукту жок кылуу маалында билдим", - деп айтты өлкө башчысы.

Ошондой эле президент ал убакта 5 сомдон алынып келинген энергияны 0,77 тыйындан элге сатып турушканын белгиледи.

"Ортодогу 4 сом 23 тыйын айырмасы энергетика системасына жүк болуп, тагыраагы мойнуна илинген карыз болуп чогула берген.

Ошентип, 2020-жылдан баштап бул тармакта ар кандай реформаларды жүргүзүүнүн, анын ичинде ар кыл күмөндүү схемаларды, уурулук, коррупциялык аракеттерди жоюунун, электр энергиясындагы жоготууларды кескин төмөндөтүүнүн негизинде 137 миллиард карызды азайтып жүрүп олтуруп, бүгүн 25 миллиардга түшүрдүк", - деп кошумчалады Садыр Жапаров.