Энергетика тармагына дээрлик 182 млн сомдук техника тапшырылды

Коом Загрузка... 05 Июнь 2026 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Энергетика тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 41 жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Техникаларды тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана энергетика министри Таалайбек Ибраев катышты.

Заманбап унаалар "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтын өздүк каражатынын эсебинен 181,6 млн сомго сатып алынган.

Белгиленгендей, аталган техникалар өлкө боюнча бардык электр тармактары ишканаларына бөлүштүрүлүп берилет. Техникалардын арасында жүктөгүч-экскаваторлор, автовышкалар, оор жүк ташуучу тягачтар, чиркегичтер жана бригадалык унаалар бар.