Энергетика министрлигине 40тан ашуун атайын техниканын ачкычы тапшырылды

Министрлер кабинети Загрузка... 05 Июнь 2026 12:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Энергетика министрлигине 40тан ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды. 

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков өлкө президенти Садыр Жапаровдун энергетика тармагына болгон өзгөчө көз карашы энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоого, ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталганын белгилеп, президенттин саясатын ишке ашыруу жана элди үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн министрлер кабинети бир катар багыттар боюнча тынымсыз иштерди алып барып жатканын билдирди. 

“Кылым курулушу аталган Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, инвесторлорго иштөөгө шарт түзүлүп, өлкө боюнча ондогон чакан ГЭСтер курулууда. Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча айта турган болсок күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча ири эл аралык келишимдер аткарылууда. Модернизациялоо боюнча Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтеринин эскирген агрегаттары жаңыланып, кубаттуулугу арттырылууда. Ал эми бүгүнкү техникалар электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, капиталдык курулуш жана оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүүгө, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюуга жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого чоң салым кошот”, — деди ал. 

Белгилей кетсек, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 181,6 млн сомду түзгөн - 41 даана атайын техниканы сатып алынды. Бул техникалар республика боюнча электр тармактарынын филиалдарына өткөрүлүп берилет. Жаңы техникалардын катарында жүктөгүч-экскаваторлор, автовышкалар, седельный тягачтар, жарым чиркегичтер жана бригадалык унаалар бар.

Салтанаттуу аземге катышкандар, бүгүнкү тапшырылып жаткан жаңы техникалар тармактын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин ыкчамдатууга жана энергетикалык инфраструктуранын туруктуу иштешин камсыздоого көмөк көрсөтөөрү белгилешти.