Энергетика министри Таластын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Аймак 6 август 2025 14:00
photo_5231067500362461878_y.jpg
photo_5231067500362461875_y.jpg
photo_5231067500362461879_y.jpg
photo_5231067500362461874_y.jpg
photo_5231067500362461873_y.jpg
photo_5231067500362461872_y.jpg
photo_5231067500362461867_y.jpg
photo_5231067500362461866_y.jpg
photo_5231067500362461865_y (2).jpg
photo_5231067500362461864_y.jpg
photo_5231067500362461864_y (1).jpg
photo_5231067500362461863_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5231067500362461878_y.jpg
photo_5231067500362461875_y.jpg
photo_5231067500362461879_y.jpg
photo_5231067500362461874_y.jpg
photo_5231067500362461873_y.jpg
photo_5231067500362461872_y.jpg
photo_5231067500362461867_y.jpg
photo_5231067500362461866_y.jpg
photo_5231067500362461865_y (2).jpg
photo_5231067500362461864_y.jpg
photo_5231067500362461864_y (1).jpg
photo_5231067500362461863_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас облусунун алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Талас электр тармактар ишканасынын директору Акылбек Султановдун маалыматына ылайык, учурда Талас облусу алдыдагы күз-кыш мезгилине 70 пайыз даяр.

2025-жылга белгиленген планга ылайык Талас облусу боюнча жалпы 22 839 даана "акылдуу" электр эсептегич орнотулду. Ошондой эле 8 даана жаңы комплектүү трансформатордук пункт ишке киргизилди", - деди ал.

Мындан тышкары, трансформатор алмаштырылып, кубаттуулугу жогорулатылгандыгы, 0,4 кВ чыңалуудагы СИП-2 аба чубалгыларын реконструкциялоонун алкагында 140 даана жаңы мамы, 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоодо 134 даана темир-бетон мамы орнотулуп, жалпы 3,7 км СИП-3 зымы тартылдыгы айтылды. 

Ал эми жаңы 10 кВ СИП-3 аба чубалгысын куруу иштеринде учурда 40 даана темир-бетон мамы орнотулуп, 86 даана трансформатор капиталдык ремонттон, 621 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлгөндүгү белгиленди.

Министр айтылган маалыматтарды жеринде текшерип, аны менен бирге тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырларды берди.