Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 24 млн сомдон ашык суммадагы заманбап медициналык жабдуулар тапшырылды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, "Ас-Сафа" кайрымдуулук фонду берген аферез аппараты жана экстракорпоралдык фотоферез системасы оор онкологиялык жана гематологиялык оорулары бар балдарды дарылоону жакшыртып, Кыргызстанда өзөк клеткаларын трансплантациялоо программасын өнүктүрүүгө шарт түзөт.
"Жыл сайын Кыргызстанда мындай трансплантацияга болжол менен 20-30 бала муктаж. Учурда борбордо трансплантация үчүн атайын блокту оңдоо иштери да аяктап жатат. Аны жакынкы 2-3 жумада бүтүрүү пландалууда",-деп айтылат маалыматта.