Кыргызстанда турак жайга болгон баалар өсүүсү уланууда. Акыркы бир жыл ичинде кыймылсыз мүлктүн баасы орто эсеп менен 17,2%га жогорулады. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында бир чарчы метрдин баасы 1 400дөн 1 800 АКШ долларына чейин жетет. Ошол эле учурда рынок Борбор Азиядагы эң активдүү рыноктордун бири бойдон калууда, ал эми мамлекеттик ипотека калк арасында барган сайын суроо-талапка ээ болууда. Кыймылсыз мүлк бааларынын өсүшүнүн себептери тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында айтып берди.

Базарды баалар аныктайт
Министр белгилегендей, Кыргызстанда турак жайдын баасы толугу менен рыноктук принциптердин негизинде калыптанат жана мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт.
Анын айтымында, кыймылсыз мүлккө болгон баанын өсүшү, биринчиден өлкө экономикасынын өнүгүшү менен байланыштуу.

"Турак жайга болгон баанын өсүшү — бул аймактын экономикасынын өсүп жатканынан кабар берет. Элде ашыкча каражат пайда болгондо, алар аны сактап калуу үчүн кыймылсыз мүлккө же башка инвестициялык долбоорлорго жумшоого аракет кылышат. Көпчүлүк учурда дал ушул кыймылсыз мүлк алууну тандашат. Бул жогорку суроо-талапты жаратат, ал эми суроо-талап ар дайым турак жайдын баасына таасир этет”, — деди Орунтаев.
Ал белгилегендей, мындай көрүнүш дүйнөнүн дээрлик бардык ири шаарларына мүнөздүү.
Министр Гуанчжоу шаарын мисал катары келтирди. Ал жерде турак жайдын бир чарчы метринин баасы болжол менен 25 миң АКШ долларынан башталат. Ошол эле учурда курулушта колдонулган материалдар дээрлик окшош.
Министрдин пикиринде, Кыргызстан да акырындап кыймылсыз мүлккө инвестиция салуу үчүн жагымдуу аянтчага айланып баратат.
Бүгүнкү күндө турак жайдын баасына эмне таасир берет
Эксперттер турак жай баасынын өсүшүнө бир нече негизги факторлор таасир берерин белгилешет.
Алардын катарына жогорку инвестициялык суроо-талап; калктын кирешесинин өсүшү, жер тилкелеринин кымбатташы, квалификациялуу курулушта иштеген кадрлардын жетишсиздиги, импорттолгон курулуш материалдарынын кымбатташы, турак жай курулушунун активдешүүсү, мамлекеттик ипотекалык программалардын ишке ашырылышы кирет.
Министрдин айтымында, курулуш материалдарынын баасы дагы эле маанилүү ролду ойнойт.
“Өткөн жылы Экономика министрлиги менен биргеликте арматуранын баасын көзөмөлдөдүк. Кытайдан металл импорттоого уруксат берилгенден кийин бааны 56–58 сом деңгээлинде кармап турууга мүмкүн болду. Буга чейин баа 70–80 сомго чейин жетип, кескин өзгөрүүлөр болуп турган”, — деди ал.
Кыймылсыз мүлк ашыкча бааланган эмес
Батирлердин баасынын олуттуу өсүшүнө карабастан, министр Кыргызстандагы кыймылсыз мүлк рыногун ашыкча кымбат деп айтууга болбой турганын белгиледи.
Анын маалыматына ылайык, бир чарчы метрди куруунун өздүк наркы орто эсеп менен 800–900 АКШ долларын түзөт.
“Курулуш компаниялары турак жайды болжол менен 20–30 пайыз үстөк баа менен сатышат. Бул баага жер тилкесинин наркы, инженердик тармактар, коммуникациялар жана башка чыгымдар кирет. Дал ушул факторлор чарчы метрдин акыркы баасын түзөт”, — деп түшүндүрдү ал.
Кыргызстанда баалар кандай өзгөрдү
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, 2025-жылы Бишкек шаарында турак жай баасынын өсүү темпи эң жогору көрсөткүчтөрдүн бири болгон.
Тактап айтканда, батирлердин орточо баасы 2025-жылдын январында бир чарчы метри 1260 доллар болсо, декабрь айында 1470 долларга чейин жогорулаган.
Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан боюнча жеке турак үйлөрдүн бир чарчы метринин орточо баасы 47 миң 960 сомду, батирлердики 52 миң 90 сомду түзгөн.
Ош жана Бишкек шаарларындагы стандарттуу сериядагы 1 чарчы метр батирдин баасы

Ош жана Бишкек шаарларындагы жеке турак үйлөрдүн 1 чарчы метринин наркы

Республика боюнча жеке турак үйлөрдүн 1 чарчы метринин наркы

Республика боюнча батирлердин 1 чарчы метринин баасы

Баалар инфляциядан ылдам өсүүдө
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, кыймылсыз мүлктүн кымбатташы инфляциянын деңгээлинен кыйла жогору болууда.
2025-жылдын жыйынтыгы менен инфляция 9,2%ды түзсө, турак жайдын баасы дээрлик эки эсе ылдамыраак өскөн.
Буга карабастан акыркы 5 жылда Бишкекте батир сатуулардын жана сатып алуулардын саны кыскарды.
Ошол эле учурда, өткөн жылы жеке турак үйлөргө болгон суроо-талап дээрлик 24%га өскөн.
Адистер муну курулуш компанияларынын көп батирлүү турак жай комплекстерин куруу үчүн жер үйлөрү менен кошо жер тилкелерин активдүү сатып алышы менен түшүндүрүшөт.
Бишкек — аймактагы эң кымбат шаарлардын бири
Кыймылсыз мүлк рыногундагы маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө турак жайдын бир чарчы метринин баасы төмөнкүдөй:
— Бишкекте — 1400–1800 доллар;
— Алматыда — болжол менен 1760 доллар;
— Баку жана Ереванда — болжол менен 1800 доллар;
— Астанада — болжол менен 1500 доллар;
— Ташкентте — болжол менен 1400 доллар;
— Душанбеде — 1100–1200 доллар.
Ошентип, Бишкек турак жай баасы боюнча Борбор Азиядагы эң кымбат шаарлардын катарына кирди.
Мамлекеттик ипотекага суроо-талап өсүүдө
Рыноктогу баалардын өсүү шартында кыргызстандыктар Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу турак жай сатып алууга өзгөчө көңүл буруп жатышат.

Коммерциялык банктарга салыштырмалуу, ипотекалык пайыздык чендер жылына 18–20%га чейин жетсе, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) программалары кыйла жеткиликтүү шарттарды сунуштайт.
Ипотекалык баалары жылдык 18-20% жеткен коммерциялык банктардан айырмаланып, МИК программалары кыйла жеткиликтүү шарттарды сунуштайт.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик программалардын катышуучулары төмөнкү шарттар менен батир сатып ала алышат:
— жеңилдетилген пайыздык чендер менен;
— 25 жылга чейинки мөөнөткө;
— минималдуу баштапкы төлөм менен, айрым программаларда баштапкы төлөм талап кылынбайт;
— мамлекет куруп жаткан жаңы турак жай комплекстеринен сатып алуу.
Артыкчылык бюджеттик тармактын кызматкерлерине — мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле турак жай шартын жакшыртууга муктаж жарандарга берилет.
Акыркы жылдары МИК аркылуу турак жай курулушунун көлөмү кыйла өстү. Мунун натыйжасында мамлекеттик ипотека үйлүү болуунун жеткиликтүү инструменттеринин бирине айланды.
Азырынча баалардын кескин төмөндөшү күтүлбөйт
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин адистеринин баамында, кыймылсыз мүлк рыногу жетишерлик инерттүү болгондуктан, калыптанып калган баа деңгээли жакынкы айларда сакталат.
2026-жылдын биринчи кварталында өткөн жылга салыштырмалуу турак жай баасынын олуттуу төмөндөшү күтүлбөйт.
Жогорку инвестициялык суроо-талап, жаңы турак жай комплекстеринин курулушунун улантылышы, мамлекеттик ипотекалык программалар жана жер тилкелеринин чектелген сунушу кыймылсыз мүлк рыногун мындан ары да колдой берет. Ошол эле учурда курулуш көлөмү көбөйгөн сайын баалардын өсүү темпи акырындап жайлашы мүмкүн.