А гепатити салттуу түрдө күз-кыш мезгилинде күчөгөн балдардын инфекциясы болуп эсептелет. Бул оору өнөкөт түргө өтпөгөнү менен, боорго олуттуу күч келтирет жана көп учурда кадимки грипп же тамак-аштан ууланууга окшошуп кетет. Бул макалада Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын амбулатордук-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы Халида Азимбаева менен биргеликте симптомдорду кантип өз убагында таануу керектигин, өз алдынча дарылануу эмне үчүн кооптуу экенин жана милдеттүү вакцинация жок шартта баланы кантип коргоого болорун карап чыгабыз.

Бул кандай оору?
А гепатити же Боткин оорусу — бул А гепатитинин вирусу козгогон боордун сезгенүү оорусу. Ал инфекция жуккан адамдан соо адамга фекалдык-оралдык, суу жана тамак-аш жолу менен жугат. А гепатитинин вирусу жогорку иммуногендүүлүгү менен айырмаланат, ооруп айыккандан кийин өмүр бою сакталуучу туруктуу иммунитет калыптанат. Вирус организмге кирген учурдан тартып биринчи белгилер пайда болгонго чейинки убакыт орточо эсеп менен 15 күндөн 30 күнгө чейин созулат.
"А гепатити менен негизинен мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар оорушат. Көбүнчө инфекция кир кол, жуулбаган жашылча-жемиштер, ошондой эле тазаланбаган суу аркылуу жайылат. Бала бакчаларда вирус балдар оозуна салган жалпы оюнчуктар жана турмуш-тиричилик буюмдары аркылуу тез жугат. Дал ушул себептен жеке гигиена эрежелерин сактоо жана азыктарды кылдаттык менен жуу бул оорунун алдын алуунун негизги чаралары болуп саналат", — дейт Халида Азимбаева.
А гепатитинин түрлөрү жана белгилери
А гепатитинин клиникалык белгилери жана өзгөчөлүктөрү ар түрдүү болушу мүмкүн, бул көп учурда ооруну өз убагында аныктоону кыйындатат. Дарыгердин айтымында, сарыкка чейинки мезгилдин бир нече негизги варианттары бар: грипп сыяктуу, диспепсиялык (тамак сиңирүүнүн бузулушу), астеновегетативдик жана аралаш.
Грипп сыяктуу варианты
Бул түрү курч башталып, кадимки курч респиратордук вирустук инфекцияны эске салат. Дене табы 38–39°C чейин көтөрүлүп, алсыроо, шалдыроо жана табиттин жоголушу менен коштолот. 2–3 күндөн кийин ысытма басылат, бирок өзгөчө белгилер пайда болот, көздүн агы жана тери саргайып, заара кочкулдап, ич ооруйт. Бул мезгилде антибиотиктер менен туура эмес дарыланууга жол берилбейт. Алар вирустарга каршы жардам бербейт жана көбүнчө гепатотоксиктүү (боорго уулуу) касиетке ээ, бул сезгенген боорго кошумча кооптуу күч келтирет.

Диспепсиялык варианты
Бул вариантта тамак сиңирүүнүн бузулушу башкы орунда болот. Кусуу, окшуу, ооздун ачуу болушу, ичтин оорушу жана ич өтүү мүнөздүү. Сарыктын алгачкы этапта билинбегенинен улам, муну көп учурда тамак-аштан уулануу же ичеги инфекциясы менен чаташтырышат. Бул учурда ич өткөккө каршы дары-дармектер менен өз алдынча дарылануу оорунун чыныгы көрүнүшүн жашырып, туура диагноз коюуну кечеңдетиши мүмкүн.
Астеновегетативдик варианты
Бул вариант өзгөчө белгилери жок эле билинет: катуу алсыроо, ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү, уйкунун качышы жана табиттин жоктугу. Мында сарык өтө начар билинет же такыр жок болушу мүмкүн, бул болсо оорулуу адамды инфекциянын жашыруун булагына айлантат.
Аралаш варианты
Ал жогоруда аталган бардык белгилерди камтыйт: суук тийүүнүн белгилеринен (мурундун бүтүшү, тамактын кызарышы) баштап, ичтин катуу оорушуна жана окшууга чейин созулат.
Туура диагноз коюлганга чейин бала бала бакчага же мектепке барууну улантып, айланасындагыларга инфекцияны активдүү жугуза берет. Кандайдыр бир шектүү белгилер пайда болгондо, өз алдынча дарыланбастан, тез арада дарыгерге кайрылып, анализ тапшыруу зарыл.
"Ошондой эле сейрек учурларда А гепатитинин өтө оор формасы кездешет, мында геморрагиялык синдром өнүгүп кетиши мүмкүн. Ал кандын көп агышы менен билинет. Оорулуулардын мурдунан кан агып, терисинде жана былжыр челдеринде кан агуудан калган тактар (көгөрүү) пайда болот. Эң коркунучтуу учурларда ички органдардан кан агуу, анын ичинде кан аралаш кусуу байкалышы мүмкүн. Мындай белгилери бар бейтаптар токтоосуз түрдө реанимация бөлүмүнө жаткырылышы зарыл", — дейт эксперт.

Дарылоо
А гепатити күчөп турган убакта боордун жана көк боордун чоңоюшу байкалып, организмдин уулануу белгилери кескин билинет. Мындай учурларда баланы стационарга жаткыруу керек, ал жерде катуу тартиптеги төшөк режими дайындалат.
Боордун ийгиликтүү калыбына келиши үчүн диетаны катуу сактоо зарыл. Куурулган, майлуу жана ачуу тамактар, газдалган суусундуктар, фастфуд жана эт кошулган күчтүү шорполору менен тамактанууга таптакыр болбойт. Жеңил тамактар менен тамактанып: жашылча шорполору, ботколор, сууга бышырылган эт (шорпосу жок берилет), жаңы жашылча-жемиштер сунушталат. Организмден токсиндерди чыгарууну тездетүү үчүн суу жана үйдө жасалган компотторду көп ичирүү өтө маанилүү. Мындан тышкары, окшуу пайда болуп, табит жоголгон учурда, уулануу синдромун натыйжалуу жоюу үчүн кан тамырга тамчылатма дарылар (капельница) дайындалат.

Алдын алуу
А гепатитинин алдын алуунун негизи жеке гигиенаны так сактоо. Бала бакчаларда ар бир баланын жеке сүлгүсү жана идиш-аягы болушу керек, ал эми оюнчуктар таза кармалып, дайыма дезинфекцияланып турушу зарыл. Тамактанар алдында жана жашылча-жемиштерди колдонууда аларды кылдаттык менен жуу маанилүү.
Эмдөө
Бул оору ачык сезондуулук менен мүнөздөлөт: оорунун күчөшү күз-кыш мезгилине туура келет. Бул көбүнчө жайкысын ачык суу сактагычтарга түшүү жана жуулбаган мөмө-жемиштерди, жашылчаларды колдонуу менен байланыштуу.
Өлкөбүздөгү туруктуу эпидемиологиялык кырдаалдан улам, А гепатитине каршы эмдөө (В гепатитине каршы милдеттүү эмдөөдөн айырмаланып) Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген эмес. Оору күчөгөн мезгилде же ата-энелердин каалоосу боюнча иммунизацияны жеке медициналык борборлордо акы төлөө негизинде жүргүзсө болот. Бул өзгөчө мектепке жана бала бакчага барган балдар үчүн коргонуунун эң натыйжалуу жолу.