Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Балдарды мектепке киргизүү боюнча учурдагы өнөктүк чындыгында эле уникалдуу жана бүткүл өлкө боюнча миңдеген ата-энелер үчүн татаал экенин далилденди.
12 жылдык билим берүүгө өтүү өзүнө тиешелүү оңдоолорду киргизди: Кыргызстандын билим берүү системасы биринчи жолу балдарды эки агымга – биринчи жана экинчи класска кабыл алып, электрондук системага жана ата-энелерге болуп көрбөгөндөй оорчулук жаратты.
Бул боюнча бүгүн агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, мектепти электрондук каттоо системасы жаңы шарттарга ыңгайлаштырылган.
“Өнөктүк башталганда өлкө боюнча 1-класска 151 миңге жакын, ал эми 2-класска 164 миңге жакын орун бар болчу. Кабыл алуунун биринчи этабы активдүү катышкандыгын көрсөттү: 1-класска 47 592 бала, 2-класска 66 404 бала кабыл алынган, анын 20 632си Бишкек шаарында”, — деди Надира Жусупбекова.
2025-жылдын 2-июнунда башталган каттоонун экинчи этабы ата-энелерге Tunduk платформасы, https://1mektep.edu.gov.kg/ сайты жана мобилдик банкинг тиркемелери аркылуу каттоосуна карабастан калган орундары бар мектептерди тандоо мүмкүнчүлүгүн берди. Бирок, министрдин орун басары мойнуна алгандай, бул этап олуттуу техникалык кыйынчылыктарды жаратууда.
А.Н. аттуу апанын баласына азырынча мектепте орун жетишпей калды. "Кабар" агенттигине ал туш болгон кыйынчылыктары тууралуу айтып берди.
“Мен түнкүсүн атайын саат 00:00дөн 02:00гө чейин отуруп, системага кире албай калдым. Ошондой эле эртең мененки саат 07:00дөн баштап мен таптакыр кире алган жокмун. Система саат 15:00дөн кийин гана ачылды. Мен мектептердин биринде балама ылайыктуу орундарды көрдүм, бирок "КОШУУ" баскычын баса албадым. Ал жөн эле иштеген жок, бул процесстин ачык-айкын эместигине шек жаратты”, - деди ал.
Д.Ш. (аты өзгөртүлдү) аттуу башка баланын апасы. Ал жашаган жерине тиешелүү мектептеги орундан рейтинги төмөн жана ыңгайсыз жерде жайгашкандыктан, баш тартууга аргасыз болуп, көйгөйгө кабылганын айтты. 2-июнь күнү баласын жумушуна жакын жердеги башка мектепке электрондук кезек аркылуу каттоого аракет кылганда орун калган эмес.
“Эми менин көйгөйүм өзүбүзгө тиешелүү аймактагы мектептен өз ыктыярым менен баш тартканымда болуп жатат. Ал эми баламды киргизүүнү каалаган аймактагы мектепте кире албай жатам, анткени ал жакта орун жок. Эми менин бир гана жолум бар, бул баламды жеке менчик мектепке берүү”, - дейт жаш эне.
Бул окуялар системага оор жүк артылганын көрсөтүп турат. Муну Агартуу министрлиги да моюнга алат.
"2-июндагы эл көп кирген саатта система бир эле учурда 9 миңден ашык активдүү колдонуучуну каттап, бул платформанын ишинин басаңдашына алып келди. Алгачкы сааттарда мүнөтүнө 90го чейин бала катталган, бул былтыркы көрсөткүчтөн эки эсе көп. Өзгөчө Бишкекте суроо-талаптын жогору болушу жана 2000ге жакын ата-эненин алгачкы тандаган мектептеринен бир күндүн ичинде баш тартуусу да системанын иштешине таасирин тийгизди", - деп түшүндүрдү Агартуу министрлигине караштуу Санариптик билим берүү борборунун директору Бектурган Бабаев.
Кырдаалды курчутуп жаткан негизги көйгөйлөрдүн бири өлкөдөгү ички миграциянын жогору болушу, өзгөчө аймактардан Бишкек жана Ош шаарларына көчүүлөр. Агартуу министрлиги Бишкек мэриясы менен биргеликте ата-энелерге эки-үч мектепти тандоону, каттоонун альтернативдүү жолдорун алдын ала караштырууну сунуштаган. Айтмакчы, бул ата-энелер үчүн жаңылык болду. Бишкектин мэриясынын билим берүү департаменти борбор калаада мектептердеги орун тартыштыгын алдын алуу үчүн 30-майда кошумча квоталарды да бөлгөн.
Министрлик документтерди тапшыруу учурунда дагы эреже бузуулар катталганын белгилейт. Айрым учурларда туура эмес маалыматтар менен туура келбеген документтер колдонулган фактылар катталган. Бул жагдайлардын баары атайын комиссия тарабынан каралып, эреже бузуу менен ээленген орундар жокко чыгарылууда. Бишкек шаарындагы №29 мектептен гана 86 мектепке мыйзамсыз каттатуу учуру аныкталып, орундар жокко чыгарылган. Бул өз кезегинде маселенин канчалык терең экендигинен кабар берет.
Министрдин орун басары Надира Жусупбекова окуучуларды мектепке каттоо иши улантылып жатканын белгиледи.
“Айкындуулукту жана калыстыкты камсыздоо максатында, мониторинг жүргүзүү күчөтүлүп, ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бардык аракеттер ар бир бала үчүн билим алуу жеткиликтүү болуусу жана системанын үзгүлтүксүз, ачык иштеши үчүн жасалууда”, - деди ал.
Бош орундар калган мектептерге ата-энелер балдарын каттатууга жетише алышат. 10-июндагы жалпы статистикага ылайык, система боюнча 289 543 окуучу катталган. Анын ичинен 143 632 окуучу кабыл алынды, дагы 145 912 орун бош бойдон калууда.