Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Быйыл көп кабаттуу имараттарга чыгууга ылайыкталган унаага буйрутма берилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, унаа бир жылда даяр болуп, эмки жылы май-июнга чейин келип калат.
"Кыргызстандын аймагында 90 өрт өчүрүү бөлүктөрү бар. Алардын баары техникалар жана жабдуулар камсыздалган. Бишкек шаарында узундугу 55 метрлик шатысы бар эки, Ош шаарында бир өрт өчүрүүчү унаа бар", - деди ал.