Эмки жылы Бишкекте Б5+1 ишкерлердин экинчи жолугушуусу өтөт

Президент 1107 07 Ноябрь 2025 11:44
2024-03-20_09-43-17.png
577795758_24930461903262049_2857283851593125566_n.jpg
Алдыга
Артка
2024-03-20_09-43-17.png
577795758_24930461903262049_2857283851593125566_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. 2026-жылдын 4-5-февралында Бишкекте Б5+1 ишкерлердин экинчи жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Вашингтон шаарында өткөн "Борбордук Азия - АКШ" (C5+1) саммитинде билдирди.

“Бул иш-чара АКШ бизнеси үчүн айыл чарба, электрондук соода, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм, банк сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем”, - деди мамлекет башчысы.

Эске салсак, 2024-жылдын 13-15-мартында Алматы шаарында Б5+1 бизнесмендеринин биринчи жолугушуусу өткөн. Форумга АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкмөттөрүнүн, бизнес коомчулуктарынын өкүлдөрү катышкан.