Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында ушул жылдын 1-июлунан тартып жеңилдетилген дары-дармектерди берүү тутуму өзгөрөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Жаңы эрежеге ылайык, борбор калаада Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасынын алкагында каралган арзандатылган дары-дармектер мындан ары "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын "Эл Аман" дарыкана тармактары аркылуу гана берилет.
"Бул пилоттук долбоор 2026-жылдын 31-декабрына чейин созулат. Камсыздандырылган жарандар электрондук рецепт аркылуу дарыларды 50 пайызга чейинки арзандатуу менен сатып ала алышат", — деп айтылат маалыматта.
Дары-дармектер 90 пайыздык арзандатуу менен төмөнкү категориядагы бейтаптарга берилет:
- бронх астмасы;
- параноиддик шизофрения;
- аффективдүү бузулуулар;
- эпилепсия;
- онкологиялык оорулардын терминалдык стадиясы.
Жеткиликтүү дары-дармектердин толук тизмесин үй-бүлөлүк дарыгерлерден же ММК фондунун расмий сайтынан билүүгө болот.