Эми өзбекстандык студенттер ОшМУнун дипломун алышат

Билим 02 Октябрь 2025 12:40
f8c9f58f-d747-46b2-9474-891833d1e046.jpg
bc6311b0-2db8-459f-8590-990a459c0c4b.jpg
1213c110-f725-476d-9119-b3b193749f7a.jpg
913f057a-29fa-47f8-a59f-ea007b7b4ec2.jpg
16ff493a-f384-47d1-ae25-90f8de1db9ee.jpg
5e383e85-0ad9-44ba-8f50-d38c5408a472.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ОшМУ

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети менен Наманган мамлекеттик университетинин ортосунда кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Наманган мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Хаётбек Кадиров баштаган делегациянын ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Келишимге ылайык, дарылоо иши жана фармация багыттары боюнча билим алган коңшу өлкөнүн студенттери ОшМУнун да дипломун ала алышат.

Тараптар 2025-2026-окуу жылында абитуриенттерди кабыл алуу маселелерин талкуулашты. Жыйынтыгында абитуриенттерди кабыл алуу ушул жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөрү айтылды.

Кол коюлган документке ылайык, эки окуу жайдын ортосунда биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу каралган. Кош диплом берилүүчү адистиктерге тапшыргын студенттер үч жыл НМУда, эки жыл ОшМУда билим алышат.