Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо процесси толугу менен санариптик форматка өткөрүлдү. Эми ишкерлер Саламаттык сактоо министрлигине барбастан, лицензия алууга онлайн арыз бере алышат.
Ведомстводон маалымдашкандай, реформанын алкагында мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланган "Саламаттык сактоо тармагында лицензиялоо" маалыматтык системасы иштелип чыгып, өнөр жайлык эксплуатацияга киргизилди.
Жаңы система аркылуу ишкерлер керектүү документтерди электрондук түрдө тапшырып, мамлекеттик кызмат үчүн төлөм жүргүзүп, арыздын каралуу жүрүшүн онлайн көзөмөлдөй алышат.
"Санариптештирүүнүн натыйжасында лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6-15 күнгө чейин кыскарды. Жыл сайын медициналык ишмердүүлүк боюнча болжол менен 450 лицензия жана аларга тиркемелер, ал эми фармацевтикалык ишмердүүлүк боюнча 900гө жакын лицензия берилет", - деп айтылат маалыматта.
Жаңы формат кагаз документ жүгүртүүнү жана ишкерлердин административдик жүгүн азайтып, өлкөнүн бардык аймактарындагы ишкерлер үчүн лицензия алууну жеңилдетүүгө багытталган.