Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Улуттук кардиология жана терапия борборунда миокард инфаркты менен ооругандарга жүрөккө стент коюу акысыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында борбордун директору Талантбек Сооронбаев билдирди.
Анын айтымында, борбор калкка жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында бир нече программаларды ишке ашырууда.
«Улуттук борбор суткасына 24 саат бейтаптарды кабыл алып, акысыз стент коюу жүргүзөт. Колдонулуп жаткан стенттер сапаттуу жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берет. Ошондой эле жүрөк ритми бузулган учурда электрокардиостимуляторлор да акысыз коюлат. Жакында ревматологиялык жана бөйрөк оорулары менен жабыркагандарга жардам берүү программасын баштадык. Мындай бейтаптарга да кымбат дарылар акысыз берилет. Бирок бул оорулар дагы жүрөккө байланышкан татаалдашкан учурларда каралат», – деди ал.
Сооронбаевдин айтымында, Кыргызстанда жүрөк ооруларынан болгон өлүм-житимдин азайуу тенденциясы байкала баштады.
«Бизде "алтын сааттын" ичинде бейтапка стент коюлган учурлар болду. Азыр стент коюу убактысы 3–5 эсе кыскарды. 2030-жылга чейин жүрөк ооруларынан өлүмдү 25 пайызга кыскартууга сөзсүз жетебиз», – деп кошумчалады ал.